Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Чүй облусуСокулук району 11.06.2019 14:32

Россиядан жеңиш менен келген жаш футболчулар акчалай сыйлык менен сыйланышты

Turmush -  Россиянын Ханты-Мансийск автономиялуу округунда 2-5-июнь күндөрү өткөн Бүткүл дүйнөлүк өспүрүмдөр оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жеңиш менен келишти.

Курама команданын беш оюнчусу Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагынын жашоочулары. Аларга айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

«Биздин айыл аймактан Кыргызстандын курама командасына беш спортчубуз кошулуп кеткен. Алар жеңиш менен келишти. Биз аларды айыл өкмөттө салтанаттуу куттуктап, ар бирине 5 миң сомдон акчалай сыйлык бердик. Ал эми машыктыруучуларына ардак баракчалар тапшырылды», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Футболдук турнирге жалпы 17 команда катышып, Кыргызстандын курама командасы тайпалык этапта Румыниянын, Сербия жана Тунистин оюнчуларын жеңип алышкан. Чейрек финалда Түркмөнстандын командасын 5:0 эсеби менен жеңсе, жарым финалда Абхазиянын курама командасын 1:0 упайы менен утуп алышты. 5-июнда өткөн финалдык оюнда кыргызстандык футболчулар Болгариянын командасын 1:0 эсеби менен жеңишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×