Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Чүй облусуСокулук району 11.06.2019 13:34 На русском

Айыл турмушу: Сүрөтчү мугалим жаа атуу боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону болгон

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 44 жаштагы тургуну Асел Садырова жаа атуу боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону аталган. Жаачы айым менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бир күнү сиңдим көз доктурга барып келели деп калды. Ошентип ооруканага барып, дарыгер көз айнектин алкагын кулагыма илип, тамгаларды окута баштады. Мен болсо «жакшы», «жаман» деп отуруп, бир маалда абдан сүйүнүп кеттим да «эми жакшы көрүнүп жатат» дедим. Дарыгер чыдабай кетип, «экинчи менин убактымды албаңыз» деп ачуусу менен кыйкырды. Көрсө көз айнектин айнектери жок экен», - деди каарманыбыз.

Ал В.И.Ленин атындагы орто мектебинде 1-класстан 8-класска чейин окуп, кийин Фрунзе шаарындагы С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынан билим алып чыккан.

«Андан соң Ош мамлекеттик университетин окуп бүттүм. Азыркы убакта мектепте сүрөт сабагынан мугалим болуп эмгектенип келем. Ал эми жаа атууга Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болор алдында кызыгып калдым. Ошондо оюндардын башталарына 6 ай калган. Андан мурун Салбурун федерациясынын мүчөсү болчумун. Ошентип 3 жылдан бери жаа атуу боюнча мелдештерге катышып келем. Эстесем, бала кезде дагы жаа атууга кызыгуум болуптур. Ал убакта да жаа атып көргөн элем.

Жаа атуу боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болдум. Манас оюнунун чемпиону болсом, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында катары менен эки коло медалдын ээси, улуттук жаа атуу боюнча КМШ мамлекеттеринин чемпионатынын чемпиону, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдум. Андан соң эл аралык мелдеште күмүш, «Улы Дала Рухы» эл аралык мелдешинде күмүш медалдарын алгам», - деди ал.

Асел Садырова жаа атууну тез эле үйрөнүп, тажрыйбалуу спортчу болууга жетише алган.

«Аябай аракет кылдым. Жаңыдан жаа ата баштаганда такыр эс алган жокмун. Балдарга сабак өтүп жатып да жаа оюмдан чыкпай калды. Бош убактымдын баарын машыгууга жумшайм. Кээде бир күн кечке жаа атам. Эртеси отун жарган кишидей болуп денем ооруп калат. Атайын форманы быйыл тиктирдим. Илгерки Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза эжелерибиздин образы сүрөттөлүп калбагандыктанбы, айтор азыр баатыр кыздардын кийимин тиктирүү кыйын. Антсе да, өзүбүздүн элестетүүбүз менен тиктирип, кийип жүрөбүз. Негизи демөөрчүлөргө абдан муктажмын десем болот. Бизди башка улуттар мелдешке көп чакырат. Акча каражаттын тартыштыгынан ал жактарга бара албай калуудабыз», - деди ал.

Асел Садырова Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 1975-жылы 11-январда төрөлгөн.

«Тилекке каршы, жолдошум каза болуп калган. Эки кызды тарбиялап келем. 8 жылдан бери батирде жашайбыз. Келечекке максаттарым көп. Кыздарымды татыктуу тарбиялап, жашоодо өз ордун таап кеткенге жардам кылсам дейм. Ушул жаа атуу боюнча тыным албай машыгып, кыргыз элимди дүйнөгө таанытсам деген кыялдарым бар. Эң чоң максаттарымдын бири — үйлүү-жайлуу болуп калсак деп кудайдан тиленип келем.

Менин бардык жеңишимди сүйүктүү апам Ферсат Мойдуновага арнайм. Апам менин бактым, жөлөгүм, дем-күчүм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×