Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуАраван району 10.06.2019 18:31 На русском

«Ойлонбой сууга боюмду таштадым»: Чала жан кызын көрүп, нес болгон эне жана Мыктыбектин эрдиги. Видео

Сууга аккан 2 жаштагы кыз
Сууга аккан 2 жаштагы кыз

Turmush -  Араван районунун Салтанат Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын 12 жаштагы тургуну 1 жаш 8 айлык кызды сууга агып бара жаткан жеринен куткарып калган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуя 2-июнда саат 14:00 чамасында болгон. Кызды куткарып калган Мыктыбек Усаров ошол күнү атасына жардам берип, суу ташып жаткан.

«Атам экөөбүз көчөдөгү дубалды шыбап коелу деп ылай камдап жатканбыз. Үйүбүздүн жанынан чоң арыкта суу агат. Ошол арыктан суу ташып жаткам. Арыкта суу көп жана кир болчу. Үйгө эки-үч жолу суу алып барып, кайра сууга бара жатканда жогору жактан бир кызыл нерсе агып келе жатканын көрдүм. Карап турсам сууга кирип, кайра чыгып жатты. Улам кыймылдап коёт. Бир убакта ыйлаган үн чыкты. Мен ошондо ойлонбой туруп эле сууга секирдим. Ошол күнү суу көп болгондуктан менин төшүмдөн жогору болчу. Агымга карай бир-эки метр сүзүп барып көтөрө койсом, кичинекей бөбөк экен. Суудан алып чыгып, жерге жаткырып, атамды чакырдым. Ызы-чуудан эл топтолуп калды. Ошол жерден эле таксиге салып, ооруканага алып кетишти», - деди 12 жаштагы Мыктыбек.

Окуяга күбө болгон Мыктыбектин атасынын бир тууган эжеси Карима Матмусаеванын айтымында, кызды суудан алып чыкканда ал үзүлүп бараткандай абалда болгон.

«Кыйкырыктан улам көчөгө чуркап чыксам "бала агып келди, кимдин баласы? Өлгөнү жатат” деп кыйкырып жатышыптыр. Чуркап барып, баланын башын ылдый кылып, бутунан кармап силкилдеттим. Мойнуна упчусу оролуп, кырылдап калыптыр. 60-70 метр жерден агып келген окшойт. Апасы ошол учурда кызын издеп жүргөн экен. Жылаңайлак чуркап келип, нес болуп туруп калды. “Сенин кызыңбы?” десек “ооба” дегенден башка сөз айткан жок. Атасы аябай жаман болду. Өзүн-өзү чапкылап жатты. Ошол учурда бир такси келип калып, дароо Аравандын ооруканасына жеткирдик», - деди Карима Матмусаева.

2 жашка чыга элек кыздын атасы Камилжан Калыков Мыктыбекке чексиз ыраазы экенин билдирди.

«Ошол күнү үйгө келсем келинчегим "көз алдымда ойноп жаткан кызым бир заматта жок болуп кетти" деди. Издеп баштадык. Бул суу биздин үйдү айланып өтөт. Дайыма жаш балдардан кооптонуп турчумун. "Сууга агып кеттиби" деп ойлодум. Келинчегим кошуналардын үйүнөн издеп жүрүптүр. Көчөдө ызы-чуу болуп жаткан тургундарды көрүп чуркап барсам, кызым чала жан болуп жатыптыр. Ал жерде эмне кылып, эмне дегенимди азыр эстей албайм. Мыктыбек бизге периштедей болду. Эгер ал болбосо кызымдан айрылып калмакмын. Ооруканадан дарыгерлер да кызымды жакшы карашты. Дарыгерлердин айтымында, өпкөсүнө суу толуп, өмүр менен өлүмдүн ортосунда калган экен. "Кудайдан болуп аман калды" деп айтышты», - дейт К.Калыков.

Мыктыбектин апасы Назгүл Султанова дагы окуя болгон күнү үйүндө жок болчу. Ал баласынын эрдигин сууга түшүп кеткен кыздын ата-энеси ыраазычылык айтып келишкенде гана билген.

«Агып кеткен кыздын ата-энеси биздин үйгө келгенде гана болгон окуянын чоо-жайын билдим. Балаң ушундай ишке жараса сыймыктанат экенсиң. Мыктыбек мектепте да жакшы окуйт. Жылда грамота, мактоо баракчаларын алат. Чейректери да жалаң “5” болуп чыгат», - деди Мыктыбектин апасы.

Мыктыбек футболго кызыгат. Ал Октябрь айылындагы Манас орто мектебинде 6-классты аяктады. Чоңойгондо аскер кызматкери болуп, «Ата Мекенге татыктуу кызмат кылсам» деп кыялданат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, ушул жылдын башынан бери Ош облусунда төрт адам сууга агып каза болгон. Анын ичинен экөө 12 жашка чейинки балдар. Ал эми өлкө боюнча жыл башынан бери 14 бала сууга агып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×