Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Ош 08.06.2019 14:35 На русском

«Тонировка» рейди: Жол тескөөчүгө каршылык көрсөткөн айдоочуга 5,5 миң айып салынды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 7-июнь күнү Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери «Тонировка» аталышындагы рейд өткөрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анын алкагында кечки саат 20:30 чамасында шаардын Ленин жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде бардык айнектери караңгылатылган «Опел» унаасы токтотулган. Унаанын ээсине Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде (Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) протокол түзүлгөн.

Ош шаардык ЖКККБнын техникалык көзөмөлдөө тобунун инспектору Нурпайыз Мамытовдун айтымында, айнектери караңгылатылган унаа эвакуатордун жардамы менен унаа токтотуучу жайга жеткирилген.

«Айдоочу унаасын унаа токтотуучу жайга жеткирүүгө каршы болгондуктан, эвакуатор чакырып, унааны алып кеттик. Анын ээсине 5 миң 500 сом айып пул салынды», - деди Н.Мамытов.

Ошондой эле инспектор Ош шаарында айнектери караңгылатылган унаалардын саны көбөйүп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×