Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Ош 05.06.2019 08:26 На русском

Ошто көмүскө кумаркана аныкталды

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө көмүскө кумар оюндарын ойнотуучу жай аныкталып, жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июнь күнү Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнө Т.Б. аттуу жаран Ош шаарынын аймагында кумар ойноо үчүн шарт түзүлүп, атайын көмүскө жайларды уюштуруп жүргөн А. аттуу жаран тууралуу маалымдаган.

Аталган маалымат ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 212-беренеси (Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) менен катталып, Кара-Суу көчөсүндөгү «Тимур Палван» соода базарында жайгашкан имараттын экинчи кабатында, «Русское лото» жайында тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүүнүн алкагында көмүскө кумар ойноо үчүн шарттар түзүлгөнү аныкталып, шектүү катары А.у.Д., У.К. жана М.Р. аттуу жарандар кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, аталган жайдан алынган буюмдар экспертизага жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×