Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 04.06.2019 17:48

«Баштык кийгизип»: Кыйноого кабылганын айткан окуучунун доосу жана милициянын жообу

15 жаштагы окуучу бала
15 жаштагы окуучу бала

Turmush -  Ош шаарында 15 жаштагы окуучу укук коргоо кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 15 жаштагы окуучу 5 саат бою дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланган.

«Кечээ, 3-июнь күнү саат 14:00 чамасында социалдык тармактарга 5 сааттан бери ата-эне баласын издеп жатканы тууралуу маалымат тараган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен бирөө "мектептен келе жаткан баланы милиция кызматкерлери күч колдонуп эле унаага салып кетишти" деп жазды. Мен Оштогу өкүлчүлүк менен байланыштым. Өкүлчүлүктөн милиция бөлүмүнө барышса, бала апасы менен сыртта экен. Алар арыз жазышыптыр. Эненин арызында: "Саат 14:00 чамасында баламды эки жигит унаага салып, шаардын четине алып барып, башына желим баштык кийгизип, кыйнап, уурулукту мойнуна алдырганга аракет кылышыптыр" деп жазылып жатат. Эне-бала тергөөчүгө барса, тергөөчү аларга орой мамиле жасаптыр. Биз бул маселе боюнча прокуратура кызматкерлерине кайрылдык. Баланын кыйноого кабылып же кабылбаганын прокуратура кызматкерлери аныктайт», - деди Н.Сулайманов.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы милиционерлер тарабынан кыйноого алынган окуучу бала боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

«Бүгүн 4-май күнү айрым маалымат каражаттары Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына таянып, "Ошто милиционерлер 15 жаштагы баланы кыйнашты" деген маалыматтарды таратышкан. Мындай маалыматты милиция кызматкерлеринен тактабай, жарыялоо туура эмес. Анткени сот гана мындай мазмундагы айып тагып, "күнөөлүү" деп чечим чыгара алат», - деп айтылат Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Алардын маалыматына таянсак, сөз болуп жаткан окуучу бала Араван районундагы мектеп-интернатта окуйт. Соңку 3 жылдын аралыгында Ош шаардык милициясы тарабынан ондон ашуун уурулук фактысы боюнча кармалган. Бирок жабырлануучулар тарабынан анын жашы эске алынып, кечирилген жана тергөө иштери өндүрүштөн кыскартылып келген. Акыркы жолу Ош шаарына караштуу Өзгүр айылынан кымбат баалуу (40 миӊ сомдук) буюмдарды уурдап, Ош шаарындагы соода борборунда сатып жаткан жеринен кармалган. Анын аракети соода борбордогу видеокамерага түшүп калган. Бүгүнкү күндө аталган факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү бала үй камагына чыгарылган.

«Ал эми өспүрүмдүн туугандарынын милиция кызматкерлерине койгон айыптарын кылмыш жоопкерчиликтен качууга болгон аракети катары баалайбыз», - деп билдиришти Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан.

Учурда аталган факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×