Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуБаткен району 04.06.2019 10:04

Баткенде чек арага жакын жайгашкан аймактардагы курулуш иштерине 220 млн сом бөлүндү

Ак-Сай айыл өкмөтү
Ак-Сай айыл өкмөтү

Turmush -  Баткен районундагы мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай айыл өкмөтүндө жол, таза суу, мектеп жана бала бакча көйгөйлөрүн чечүү үчүн мамлекеттен каражат бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан аймактарында социалдык объекттердин, транспорттук инфраструктуранын жана ирригациялык курулмалардын курулушуна 220 млн сом бөлүнгөн. Тактап айтканда, Көк-Таш—Ак-Сай, Ак-Сай—Тамдык унаа жолдорунун курулушун улантууга жана Ак-Сай—Рават унаа жолунун курулушуна 150 млн сом, Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Бакай участогунун тургундарын сугат суу менен камсыздоо үчүн 50 млн сом, Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектептин капиталдык ондоп-түзөө иштерине жана Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына бала бакча курууга 20 млн сом бөлүндү. Учурда тиешелүү жумуштар башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×