Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.05.2019 16:34

Караколго 150 жыл: «Суу түтүк» ишканасынын тарыхы жана жетишкендиктери. Сүрөт

Turmush -  Ушул жылдын 1-июлунда Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленет. Бул саамалыкка карата шаар макамын алууга көмөк берген мекеме-ишканалардын кечээки, бүгүнкү жана эртеңки абалына саресеп салып, шаардын кылымдык тарыхы менен тааныштырабыз.

Алгач Каракол шаарындагы «Суу түтүк» ишканасынын тарыхы менен тааныштыралы.

Каракол шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылган ишкана 1955-жылы уюшулган. Башында Ысык-Кѳл облустук коммуналдык чарбанын алдында, «Пржевальск Суу канал» ишканасы болуп түзүлгѳн. 1959-жылы Пржевальск коммуналдык ишканалар, комбинатынын алдында «Шаар суу түтүк» участкасы болуп кайра уюшулган. 1991-жылы «Шаар суу түтүк» участкасы ижарага берилип, Пржевальск «Суу түтүк» участкасы деп аталган. 1993-жылдан бери Каракол муниципалдык «Суу түтүк» ишканасы болуп аталып келет. 1955-жылдан 2014-жылга чейин 177,5 чакырым суу түтүктѳрү курулган.

Анын ичинен:

- 1957-жылы - 98,5 чакырым;

- 1965-жылы - 52 чакырым;

- 1987-жылдын 1992-жылга чейин 26,62 чакырым;

- 2003-жылы 0,300 чакырым курулган.

«Суу түтүк» ишканасын 64 жыл аралыгында 13 жетекчи жетектеген. Алар:

- 1980-1987-жылдары — Лаврищев Геннадий Дмитриевич;

- 1987-1989-жылдары — Каль Николай Николаевич;

- 1989-1990-жылдары — Шынкалаев Георгий Георгиевич;

- 1990-1991-жылдары — Гагин Николай Григорьевич;

- 1991-жылы Шарафут Динамаликович Айзалдинович;

- 1991-1992-жылдары — Бейшенбаев Сүйүнбек Жапарович;

- 1992-1998-жылдары — Иващенко Анатолий Алексеевич;

- 1998-2001-жылдары — Желденов Канатбек Асешович;

- 2001-2005-жылдары — Намазбеков Туратбек Мукашевич;

- 2005-2008-жылдары — Күчүков Мэлс Исаевич;

- 2008-2017-жылдары — Ѳмүрканов Сабырбек Асаналиевич;

- 2017-2018-жылдары Завьялова Ольга Ивановна;

- 2018-жылдын январь айынан баштап, азыркы убакытка чейин ишкананы Ишембиев Канатбек Абылович жетектеп келе жатат.

Учурда ал ишкананын техникалык базасын чыңдоо менен алек. 1955-жылдан 2004-жылга чейин суу түтүктѳр капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Андан улам 30% сууну ачып-жабуучу тетиктер иштен чыккан жана 80% суу түтүктѳрдүн эскилиги жеткен.

«Шаардын түтүктөрү 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатат. Басымдуу бөлүгү эскирди. Учурда өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин колдоосу жана жардамы менен ар кандай долбоорлорду, инвесторлорду тартып, ошол түтүктөрдү жаңыртуу боюнча аракет кылып атабыз. Мисалы, былтыркы жылы араб инвесторлорунун жардамы менен 4 миӊ метр таза суу түтүгүн жаңырттык. Жергиликтүү бюджеттен дагы жаӊы конуштарды суу менен камсыз кылуу максатында жылына каражат каралат. Негизи акыркы жылдарда ишканага көнүл бурулуп, жакшы ийгиликтерге жетише баштады», - дейт жетекчи К.Ишембиев.

Ал акыркы жылдардагы жетишкендиктердин айрымдарына токтолду.

«2003-жылдын 1-январына карата 6,8 млн сомго курулуш иштери аткарылган. 2007-жылы Швейцария өкмѳтү гранттык түрдѳ каржылаган «Каракол шаарынын таза суунун тутумдарын реабилитациялоо» долбоору ѳз ишин баштаган. Ал долбоор, кыргыз өкмѳтү, Швейцариянын өкмѳтү жана Каракол шаарынын мэриясы тарабынан кол коюлган үч тараптуу гранттык келишимдин негизинде ишке ашкан. Долбоордун 92%ын Швейцария өкмѳтү, 4%ын кыргыз өкмѳтү, ал эми 4%ын Каракол шаардык мэриясы каржылаган.

Долбоордун негизги компоненттери:

- Таза сууну тазалоочу курулманы куруу;

- Суунун сапатын текшерүүчү лабораториянын тетиктерин сатып алуу;

- Жаңы жана пайдаланылып жаткан суу түтүктѳрүн куруу жана алмаштыруу;

- Суу эсептегичтерди сатып алуу жана орнотуу;

- Суу топтоочу жайларды куруу жана реабилитациялоо;

- Суу түтүктѳрүн тейлѳѳ үчүн атайын техникаларын сатып алуу;

- Суу кудуктарын тазалоо.

Долбоордун мөөнөтү 2007-2012-жылдарга чейин», - дейт ал.

Учурда Каракол шаарынын «Суу түтүк» ишканасы эки долбоор менен иш алып барууда.

1. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы аркылуу каржыланган «Каракол шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча тѳмѳндѳгүдѳй иштер аткарылат:

- Суу эсептегичтерди орнотуу - 13 миң даана;

- Насостук станцияларды оңдоо - 2 даана;

- Суу алуучу жайларды оңдоо - 2 даана.

- Суу түтүктѳрүн куруу - 17,6 чакырым.

2. Азия өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланган «Ысык-Кѳлдү туруктуу ѳнүктүрүү» долбоору боюнча тѳмѳндѳгүдѳй иштер аткарылат:

- Канализациялык саркынды сууларды тазалоочу курулманы куруу - 1 даана;

- Канализациялык түтүктѳрдү куруу - 4,5 чакырым;

- Саркынды сууларды сордуруучу насостук станцияны куруу – 1 даана;

- Саркынды суулар топтолуучу кѳлмѳнү тазалоо - 1 даана;

- Атайын техникаларды сатып алуу – 7 даана.

«Бул долбоорлор шаар үчүн абдан маанилүү. Себеби, азыр баарыбызга белгилүү болгондой суунун сапатын жакшыртууга бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Анткени 2008-жылы башталып, 2011-жылы долбоор аркылуу шаарга суу тазалоочу жай курганбыз. Шаарга орточо эсеп менен суткасына 20 миң куб таза суу берет. Бирок тилекке каршы таза сууну айрым тургундар сугатка колдонуп жатканына байланыштуу, өзгөчө жаз жана жай мезгилинде суткасына 40 миң куб суу бергенге аргасыз болуп жатабыз. Ушул жерден суунун сапаты төмөндөп калат. Жогорудагы долбоорлорду ишке ашырсак, суу эсептегичтер коюлуп, киши башына эмес, колдонулган сууга акы алабыз. Суу үнөмдүү колдонулуп, сапатына дагы маани беребиз деген планыбыз бар. Учурда 43 миң кишини суу менен камсыздап жатабыз», - дейт жетекчи К.Ишембиев.

Ошондой эле: «2018-жылы мен жетекчи болуп келгенде Социалдык фондго ишкана 11 млн 691 миң 958 сом карыз болгон. Учурдагы карыз 3 млн 238 миң 378 сом. Тагыраак айтканда, 8 млн 453 миң 580 сомго кыскартууга жетиштик. Негизи бул карыз көп жылдан бери чогулган экен. Ошондой эле дебитордук карыз 2018-жылга карата 21 млн 545 миң 973 сом болчу. Учурда 18 млн 493 миң 692 сом карыз бар. Тагыраак айтканда, 3 млн 52 миң 280 сомго азайды. Бул тургундар менен тыгыз иш алып баруунун натыйжасы», - деп кошумчалады.

Ал белгилегендей, учурда ишканада 166 жумушчу иштейт. Ишкананын негизги кадрдык түзүмү квалификациялуу жана тажрыйбалуу адистерден турат.

«Биздин жумуш оор жумуштардын катарына кирет. Себеби, суук, кар, бороонго карабай кызматкерлер иштешет. Кышкысын жеке үйлөрдүн ээлери түтүктөрүн жылуулабагандыктан көп кырсыктар болот. Жумушчулар суукта муздак суу кечип, ишти жасап беришет. Канализация суусун баарыбыз билебиз, ал жакты дагы тазалашат. Чакыруу түшкөндө убагында аткарууга аракет кылышат. Биз бир механизмди түзөбүз, анын ар бир кыймылы ар бир кызматкер. Ар ким өз ишин так аткарганы үчүн механизм кыймылдап жатат. Ошол эле маалда кызматкерлерибизге да кам көрүп, суукта, сууда иштеп жаткан жумушчуларга ысык тамак берүүнү уюштурдук. Мурда берилип келип, ортодо токтоп калган. Оор ишти аткарган кызматкерлерге да шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз», - дейт директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×