Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Чүй облусуПанфилов району 24.05.2019 15:40 На русском

Мектептин артында пайда болгон көлмөгө 1-класстын окуучусу чөгүп кетти

Turmush -  Панфилов районуна караштуу Орток айыл аймагынын Букара айылындагы мектептин артында пайда болгон көлмөгө 1-класстын окуучусу чөгүп каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Окуя кечээ, 23-майда саат 16:30 чамасында болгон.

«Ата-энелерди 23-майда саат 16:30га бала бакчага чогулушка чакырышыптыр. Ошол маалда ата-энелер жаман кабар угушту. Мектептин артындагы даараткана жактагы көлмөгө 1-класста окуган бала чөгүп кетти. Аны бүгүн, 24-майда жерге беришти. Кум керек болуп, сайдын жээгин казышкан экен. Ошондо көлмө пайда болуптур. Ал жерди мындай нерсеге жеткирбей көмүш керек болчу», - деди тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×