Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 24.05.2019 08:21 На русском

Милициянын капитаны үй-бүлөсү менен жол кырсыкта каза болду: Айдоочу кандай жазага тартылды?

Turmush -  Жалал-Абад шаардык соту 5 адамдын өмүрүн алган Бишкек—Ош жолундагы кырсык боюнча соттолгон жарандын кылмыш ишинин материалдарын карап чыкты.

Анда ЖАМКтын №26 мекемесинин башчысы Жалал-Абад облустук соттун коллегиясынын 2017-жылдын 10-мартындагы чечимин жаңы кырдаалдарга байланышуу кайра карап чыгууну сунуштаган.

Маалым болгондой, соттолуучу — Алай районунун 1989-жылы туулган тургуну Кудрет [К.К., аты өзгөртүлдү], орто билимдүү, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт. Ал 2017-жылдын 25-январынан бери камакта.

Кара-Көл шаардык сотунун 2017-жылдын 25-январындагы чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен жана 2 жылга транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратылган.

Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Соттун чечими даттанууга жатпай тургандыгы белгиленип, өкүм күчүнө киргизилди.

Кудрет 2016-жылдын 13-сентябрында Бишкек—Ош жолунун 377-чакырымында болгон жол кырсык боюнча айыпталган. Анда «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынан Бишкек шаарына бара жатканда каршы тилкеге чыгып, айдоочу рулга ээ боло албай калган. Унаа «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Аны Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринин тургуну башкарып бара жаткан. Жол кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 5 адам каза болгон.

Соттук отурумда соттолуучунун жактоочусу жана прокурор У.С. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча максималдуу түрдө 5 жылга эркинен ажыратуу караларын билдиришкен. 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Кылмыш кодексине ылайык II категориядагы (2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин) жазалоо каралган.

Материалды карап чыгып, Жалал-Абад шаардык соту 2019-жылдын 22-апрелинде ЖАМКтын №26 мекемесинин башчысынын өтүнүчүн канааттандырды. Тараптар бул чечимге карата Жогорку сотко даттана алышат.

Окуя тууралуу

2016-жылдын 13-сентябрында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагындагы 377-чакырымында болгон жол-транспорт кырсыгы 5 адамдын өмүрүн алган. Андан тышкары 7 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыктан милициянын капитаны Эркин Кыпчакбаев, анын аялы жана 2007-жылы туулган уулу менен 2016-жылдын май айында төрөлгөн кызы да көз жумган. Каза болгондордун бешинчиси — Ош облусуна караштуу Алай районунун Күңгөй айылында 2000-жылы туулган Атабек кызы Айгерим.

Көрсөтүлгөн чакырымда «Тойота Эстима» (мамлекеттик номуру ОS749, ичинде 12 адам болгон) унаасы менен «Хово» (мамлекеттик номуру В9535 АI) унаасы сүзүшкөн.

Эркин Кыпчакбаев

14

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×