Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 22.05.2019 16:54

Папанга жаңы айыл өкмөт башчы шайланды

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Курманбек Мияшев шайланганын Кара-Суу райондук администрациясынан билдиришти.

Бүгүн, 22-май күнү Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн. Ага жергиликтүү кеңештин 21 депутаты катышкан. Жыйынтыгында депутаттардын 12 добушуна ээ болгон Курманбек Мияшев жаңы айыл өкмөт башчы болуп шайланды.

Курманбек Мияшев

Курманбек Мияшев

Шайлоого жалпысынан 5 талапкер ат салышкан. Алардын ичинен Сабыр Жалиев депутаттардын 7 добушуна ээ болсо, 2 депутат баарына каршы добуш берген.

К.Мияшев буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген жана мурдагы айыл өкмөт башчы Эрмат Исмаилов сот иштерине байланыштуу убактылуу кызматынан кеткенде, анын милдетин аткарып турган.

Эрмат Исмаилов 26-апрель күнү өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен.

-------------------------------

Буга чейин Э.Исмаиловго жана анын жооптуу катчысы Радахан Самиевага мыйзамсыз жер сатуу боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал тергөө иштеринин алкагында убактылуу кызматынан бошотулган.

Кара-Суу райондук соту 2018-жылдын 25-декабрында Э.Исмаиловго жана жооптуу катчысына карата козголгон кылмыш иши боюнча чечимин чыгарган. Райондук сот Э.Исмаиловду актап, жооптуу катчысына 100 миң сом айып пул салган. Кийинчерээк Ош облустук соту дагы Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн эч өзгөртүүсүз күчүндө калтырган.

-------------------------------

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары айыл өкмөт башчысы жана жер адиси жерди өздөрүнүн туугандарына жана капчыктууларга гана берип жаткандарын айтып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×