Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баракелде, Бишкек 22.05.2019 11:06

Шашылыш билдирүү: 22-23-май күндөрү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 22-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

23-майда дагы туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×