Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусу, Нарын 21.05.2019 14:00 На русском

Нарын шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди

Turmush -  Нарын шаардык кеңешинин жаңы келген депутаттары мандаттарын алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 21-майда Нарын шаардык кеңешинин 4-чакырылышындагы депутаттардын кезектеги 23-сессиясы өтүүдө. Анын алкагында жаңы 3 депутатка мандаттар тапшырылды. Алар: «Кыргызстан» саясий партиясынан Таалайбеков Жолдошбек Таалайбекович, Шадыманов Бек Медетбекович, ошондой эле «Республика» партиясынан Зайдинов Дастан Арстанбекович. Алар партиядагы тизме боюнча бош орундарга келишти.

Шаардык кеңештин кезектеги сессиясында жалпысынан 14 маселе каралып, жалпы 23 депутат катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×