Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусуНарын району 20.05.2019 08:13

Нарындагы апалардын таймашы (сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Эмгек–Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Хутор Ак-Талаа айылында энелер ортосунда сынак өттү. Сынак эки этап менен болуп, 14 катышуучунун ичинен финалдык турга жетөө тандалган. Алар калыстар тарабынан берилген 5 тапшырманы аткарышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Тапшырмалар:

- Саламдашуу — катышуучулар өзүн тааныштыруусу;

- Менин бала тарбиялоодогу тажрыйбам;

- Өнөрүң болсо өргө чап;

- Сахналаштырылган көрүнүш (Эне менен баланын ролу, аткаруу чеберчилиги);

- күтүлбөгөн суроолор.

Жыйынтыгында баш байгеге Чырмыева Нуржан ээ болуп, «Чыгармачыл эне» наамына татыды. 1-орунга ээ болгон Токтогул кызы Жазгүлгө «Мээримдүү эне», 2-орунга ээ болгон Султангазиева Нурзатка «Эмгекчил эне», 3-орунду алган Сакеева Элизага «Ажарлуу эне» наамдары берилди.

Уюштуруучулар тарабынан жети катышуучунун ар бирине диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×