Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусуКара-Буура району 19.05.2019 13:30

Айыл турмушу: Чет тилчи Б.Тургуналиева тигүүчүлүк менен балдарын багып чоңойтту

Бурулкан Тургуналиева
Бурулкан Тургуналиева
// Turmush

Turmush -  Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 63 жаштагы тургуну Бурулкан Тургуналиева 27 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы тигүүчү айым менен таанышты.

Бурулкан Тургуналиева 1957-жылы Кара-Буура районуна караштуу Ак-Жар айылында төрөлгөн.

"Кол өнөрчүлүккө кызыгып, окуучулук кезимен бери тикмечилик менен алектенип жүрдүм. Кийин турмушка чыгып, кыздарыма көйнөктөрүн тигип берип баштадым. Аларды көрүп эл дагы тиктире башташты. Тигүүчүлүк боюнча эч кандай билим алган жокмун. Учурда буйрутма алып, ар кандай кийимдерди тигип келем.

Жазуучулар жакшы ойлорду баракка жазышса, мен жакшы кийимдин образдары оюма келе калганда ошол замат баракка чийип түшүрө калам. Фантазия менен кийим жаратуудан ырахат алам жана жакшы көрөм.

Апам элге чоң апалар үчүн көйнөктөрдү, чыптамаларды, чапан тигип берчү. Турмушка чыкканга чейин тигүүчү машинанын жанында убактымды көп өткөрдүм. Ошентип учурда айылдагы элдин кызматындамын. Пардаларды тиктирип алып кетишет. Өзүбүз кийим кийгендей эле үйдүн ичине дагы модалап түрдүү пардаларды илип калбадыкпы. Кыз-келиндер келип өздөрү каалагандай кылып даярдатып алып кетишет”, - деди ал.

Бурулкан Тургуналиева кандай кийим болбосун аны дал өзүндөй тигет.

“Мырзалар жана айымдар үчүн кофталарды тигип сатып калам. Күзүндө жылуу кийимдерди тигүүгө өтөм. Бишкек, Нарын, Ошко чейин эмгектерим тарап, бүгүнкү күндө буйрутмалар келип турат. Тигүүчү машинам эски болсо дагы такылдап иштеп, бир далай жумуш аткарып коёбуз”, - деди тигүүчү.

Ал 1979-жылы борбордогу педагогикалык институттун англис жана немис тили бөлүмүн бүтүп, 1992-жылга чейин мугалим болуп айылдык мектепте иштеген.

“Сыркоолоп, мектеп жашоосун токтотуп, үйдө отуруп калдым. Ошондо баягы колумдан келген жумушту алып кетейин деп чечим чыгардым. Себеби, тигүүчүлүктү улап балдарды багыш керек болду.

Бул кесип менен унутта калбайт экенсиң. Элдерден кийимдердин түрлөрүнө буйрутмалар түшө берет. Жок эле дегенде кийимдерди кыскартуу же оңдоп-түзөө иштерин аткара берем”, - деди ал.

Мугалимдин 2 кыз, 2 уул жана 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×