Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.05.2019 15:22 На русском

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон ачылды. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 18-майда Чолпон-Ата шаарында эл аралык «Issyk-Kul ITF 2018» көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат. Бул иш-чара жыл сайын туристтик сезондун ачылышы менен коштолот. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчы билдирди.

Көргөзмөнүн максаты — чет өлкөлөр менен туристтик ишкерлик боюнча байланыштарды түзүү жана бекемдөө, чет элдик туристтерди Ысык-Көлдө эс алуу жана ден соолугун чыңдоого кызыктыруу, ошондой эле ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу.

Ага катышуу үчүн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү туристтик агенттиктердин жетекчилери менен адистери, чет элдик инвесторлор, дүйнөлүк туристтик индустриянын серепчилери, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү, ошондой эле кыргызстандык туристтик тармактагы ишканалардын өкүлдөрү чакырылган. Көргөзмөгө кол өнөрчүлөр да эмгектерин алып чыгышты. Ошондой эле иш-чаранын алкагында тегерек стол, ар кандай жолугушуулар уюштурулуп, чет өлкөлүк туристтик ишканалар менен байланышты бекемдөө, туристтердин, эс алуучулардын санын көбөйтүүгө багытталган маселелер талкууланат.

Көргөзмө-жармаңке Кыргызстандагы курорттор ассоциациясы, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти тарабынан уюштурулду.

Маалымат катары:

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанга Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмуна (ЮНВТО) мүчө болгон мамлекеттерден келген жарандардын саны 2 млн 379 миң 200гө өсүп, жалпысынан 6 млн 946 миң 500 кишини түзгөн (2017-жылы 4 млн 567 миң 400 адам болчу). Алардын ичинен КМШ өлкөлөрүнөн келгендердин саны 6 млн 674 миң 900 кишини түзсө, алыскы чыгыш өлкөлөрүнөн келгендердин саны 271 миң 600 болгон. Ошондой эле Өзбекстан мамлекетинен келгендердин саны кескин көбөйгөнү айтылат (2017-жылы 689 миң 300 адам келсе, 2018-жылы 3 млн 284 миң 300 киши келген).

2018-жылы бир тараптуу визасыз режим жөнүндө мыйзам менен Кыргызстанга келгендердин саны (Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмуна кирген мамлекеттер арасында) 31 миң 941 адамга көбөйүп, жалпысынан 130 миң 624 кишини түзгөн (2017-жылы 98 миң 683 болчу).

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылы туристтик ишмердүүлүктөн Кыргызстандын бюджетине түшкөн салыктын көлөмү 10 млн 415 миң сомго көбөйгөн жана жалпысынан 107 млн 54 миң 900 сомду түзгөн (2017-жылы 96 млн 639 миң 900 сом болчу).

Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматына караганда, 2018-жылы туристтик ишмердүүлүк тармагында кошумча дүң наркынын (валовая добавленная стоимость) көлөмү 1 млн 454 миң 500 сомго көбөйгөн жана жалпысынан 27 млн 777 миң 600 сомду түзгөн (2017-жылы 26 млн 323 миң 100 сом болчу). Ал ички дүң продукциясынын 4,99 пайызын түзгөн (2017-жылы 4,96 пайыз болчу).

2018-жылы туристтик кызмат көрсөтүүнүн экспорту (чет элдик жарандарды кабыл алуудагы киреше) 35,2 млн долларга көбөйгөн жана жалпысынан 453,4 млн долларды түзгөн (2017-жылы 418,2 млн доллар болчу).

Ал эми туризм тармагында негизги капиталга инвестиция кылуунун көлөмү 2 млн 775 миң сомго көбөйгөн жана жалпы 25 млн 570 миң 100 сомду түзгөн (2017-жылы 22 млн 795 миң 100 сом болчу).

Ошондой эле мейманкана жана башка кыска мөөнөткө жашай турчу жайлардын кирешеси 67 миң сомго көбөйгөн жана жалпы 3 млн 278 миң 700 сомду түзгөн (2017-жылы 3 млн 211 миң 400 сом болчу).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×