Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 18.05.2019 11:44 На русском

Ошто жаш балдар үчүн акысыз медициналык кызматтар көрсөтүлүп жатат (сүрөт)

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы

Turmush -  Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында «Ачык эшик күнү» акциясы уюштурулуп, жаш балдар үчүн бир катар кызматтар акысыз көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысынын орун басары Жыргалбек Кадыров билдирди.

Акция эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп, бейтап балдарга акы төлөнүүчү кызматтар акысыз көрсөтүлүүдө.

«Акциянын алкагында педиатр, окулист, ЛОР, хирург, эндокринолог, гемотолог, аллерголог, нефролог, невропотолог, гепатолог жана башка адистердин кызматтары акысыз көрсөтүлүүдө. Мындай иш-чара келечек муундун ар кандай ооруларын алдын алуу менен бирге өкмөттүн 2019-2030-жылдарга карата "Дени сак улут — гүлдөгөн өлкө" программасын ишке ашырууга негиз болот. Мындан ары ушундай акцияларды көп-көп өткөрүп турууну пландап жатабыз», - деди Ж.Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×