Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 17.05.2019 18:31

Сүрөт — Ысык-Көлдө ИИМдин «Бирдиктүү терезе» боюнча иштеген борбору ачылды

Кашкар Жунушалиев  Ысык-Көл облусунда
Кашкар Жунушалиев Ысык-Көл облусунда

Turmush -  Бүгүн, 17-майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ысык-Көл облусунда иш сапар менен болуп, аймактын ички иштер органдарынын өздүк курамы жана ардагерлери менен жолугушту.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуу учурунда коомдук копсуздукту жана жарандардын укуктарын сактоо, коомчулук менен милициянын өз ара байланышы, ошондой эле уюштуруучулук, тиричилик жана башка социалдык маселелер талкууланды. Андан тышкары, министр ИИМдин медицина башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы медицина кызматында болуп, үстүбүздөгү жылдын март айындагы жумуш сапарында милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин ден соолуктарына кам көрүү максатында коюп кеткен талаптарынын аткарылышы менен кеӊири таанышты.

Бүгүнкү күндө аталган кызматта 6 орундуу күндүзгү стационар уюштурулуп, ал жерде бейтаптардын толук сакайып кетишине тийиштүү шарттар түзүлгөн. Бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышкан министр дарыгерлердин ишмердүүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ушул эле күнү Кашкар Жунушалиев ИИМ тарабынан Каракол ШИИБдин имаратынын жанында «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун ачылыш аземине катышты.

Борбордун ишке берилиши менен мекендештерибиздин арыз берүүгө кеткен убактысы кыскарып, маалыматтарды киргизүүнү, төлөмдөрдү жүргүзүүнү бир кыйла жөнөкөйлөтөт. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жарандарды тейлөөнүн жаӊы форматы мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү тутумун оптимизациялоо максатында, кызматтардын жарандарга эркин жеткиликтүү болушуна жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга толук шарттар түзүлмөкчү.

Борбордун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн маалымдаган Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Канат Айдакеев, аталган борбордо жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы же тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону же соттолбогону тууралуу маалым каттарды, апостилди, кооптуу жүк ташыган унаа каражаттарына уруксат кагаздарын, лицензияларды жана башка маалым каттарды берүү боюнча мамлекеттик кызматтарды 3 кызматкер (анын ичинен бири офицердик курамдан, экөө адис) көрсөтүшөрүн белгиледи.

«Мындан сырткары «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борборунун ишке берилишине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн салымын белгилеп кетүү зарыл. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 1 миллион 735 миӊ сом бөлүнүп берилип, кыска мөөнөттүн аралыгында ишке берилди. Буга чейин маалым кат алуу үчүн көп убакыт талап кылынып, милициянын дарегине бир катар сын-пикирлер айтылып келген. Эми борбордун ишке берилиши менен кызматкерлер менен болгон түз байланыш көйгөйү чечилет да, мамлекеттик тейлөө кызматын жүргүзүүгө толук шарттар түзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Ачылыш аземде министр К.Жунушалиев белгилегендей, бул борбор жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогору көтөрүү максатында, өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоонун алкагында ачылды.

«Системанын киргизилиши менен тактамаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Ошондой эле система мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот», - деди министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×