Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.05.2019 16:16

Жалал-Абадда сабалган баланын окуясынан кийин бала бакчаларга видеокамера коюлду

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы бардык муниципалдык бала бакчаларга видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22 мектепке чейинки билим берүү мекемеге жалпы 419 даана видеокамера коюлду. Бул үчүн шаардык бюджеттен 2 миллион 200 миң сом бөлүнгөн. Тендер жарыяланып, андан «Эмин» ЖЧКсы 1 миллион 800 миң сом утуп алып, тийиштүү жумуштарды ишке ашырган.

«Өткөн жылы шаардагы бала бакчалардын биринде балдарга карата жасалган орой мамиледен улам мэриянын өкүлдөрү жана шаардык кеңештин депутаттары бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн видеокамераларды орнотуу маселесин көтөрүшкөн. Бул демилге ишке ашып, бардык бала бакчаларга видео байкоо орнотулду. Бул иш наристелерге карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында жасалып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Шаарда 22 бала бакча болсо, анда жалпысынан 4 миң 950 бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×