Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусуКара-Буура району 17.05.2019 15:01 На русском

7 кыздан кийин уул, шок болуп сүйлөй албай калган күйөө, кубанып ыйлаган кошуналар: Айылдагы Айнагүл жеңенин турмушу (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 43 жаштагы тургуну Айнагүл Жуманалиева 9 баланын апасы. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле Аманбаев айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча медайым.

«Өзүм медициналык орто окуу жайды бүткөм. 2,5 жыл айылдын ооруканасында медайым болуп иштедим. Азыр үйдө балдарды багып жатам. Уул болот деп төрөй берип, 7 кыз төрөлдү. Азыр улуу кызыбыз турмушка чыгып калды.

3 кызым төрөлүп калган учурдагы окуя эсимде. Жолдон бир эжеге жолугуп, унаа күтүп аялдамада отуруп калдык. Ошондо бала-чакабыз тууралуу сөз болуп кетип, мен «3 кызым бар, бала күтүп жүрөбүз» дедим (күлүп). Анын оозуна салгандай болуп эле «3 кыз эмне экен, сен 7 кыз төрөйсүң» десе жаман көрүп кетип калгам. Убакыт өтүп, кыз төрөдүм. Кийин төрөсөм эгиз кыздар болду. Ошондо айрымдар «бир кыздан төрөп жатты эле, эми ыраазы болбой эки кыздан төрөп жатат» деп күлүшкөн (күлүп). Мен «эркек бала төрөмөйүнчө төрөй берем» деп айттым. Эгиздерден кийин төрөсөм дагы кыз болду. Жетинчи кызым төрөлгөндө жолдошум барып, бетимден өөп кетсе төрөтканадагы келиндер «кыздарды төрөп жатса дагы, жакшы маанай менен куттуктап жатат» деп таң калышкан (күлүп)», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле уулу төрөлгөндө кошуналары да кубангандыгын кошумчалады.

«Төрөтканадан жолдошума «эркек бала төрөлдү, уулдуу болдуң» десе жолдошум баланы карап шок болуп, кайра чыгып кеткен. Кийин «сүйүнгөнүмдөн оозума сөз келбей кетип калгам» деген. Балам төрөлүп, 1 жума аты жок жатты. Кайын атам менен кайын энем кайтыш болуп кеткен. Уруубуздун бийи болгон кайын агама барып, «бизге көп жардам бергенсиз, балага ат коюп бериңиз» десек «үйгө кут келди» деп Куткелди деген ат койгон. 7 кыздан кийин эркек бала төрөгөндө коңшуларым угуп, сүйүнүп ыйлап дагы жиберишкен. Андан кийин дагы бир бала төрөлдү. Кудайга шүгүр деп, атын Абдышүкүр коюшкан.

Албетте балдарды багуу оңой болгон жок. Бирок ар бир бала өз ырыскысы менен деген туура экен. Кыздарымдын асты окуусун бүтүп, турмушка чыгып калды. Балдарыма «жалкоо болбой аракет кылгыла, ошондо ийгилик болот» деп айтам, жаман сөз сүйлөтпөйм. Кыздарымдын баары таланттуу, сөзмөр, тил уккан кыздар. Улуу кызым мугалим. Экинчи кызым менин жолумду жолдойм деп медициналык окуу жайда окуп жатат.

Балдарды багып чоңойтолу деп далай мээнет кылдык. Жер аз болгондуктан ижарага жер алып, дыйканчылык кылабыз. Бардык нерсени үнөмдөп, жолдошум бир кирпичтен курап отуруп чоң тамдуу болдук», - деди ал.

«Баатыр эне» наамын 2011-жылы алган.

«Баатыр эне» деген наамды алганы барганда бир топ энелердин жолдоштору «бизге дагы «Баатыр ата» деген төш белги берип койбойбу» деп тамашалап күлдүрүшкөн. Майрамыбызды куттуктап, жоро-жолдошторубуз «силерге гүлдесте сатып алып беребиз» десе, мен «ошол гүлдестенин ордуна шыпыргы эле алып бергилечи. Аны канча убакыт колдоном» деп айтканым эсимден кетпейт (күлүп)», - деди ал.

Айнагүл айымдын уул-кыздары:

- Күлчоро кызы Айсулуу, 1997-жылы төрөлгөн;

- Күлчоро кызы Айжамал, 1999-жылы төрөлгөн;

- Күлчоро кызы Бурулкан, 2001-жылы төрөлгөн;

- Авенова Үмүт, 2006-жылы төрөлгөн;

- Авенова Батма, 2007-жылы төрөлгөн;

- Авенова Зуура, 2007-жылы төрөлгөн;

- Авенова Зейнеп, 2009-жылы төрөлгөн;

- Авенов Куткелди, 2011-жылы төрөлгөн;

- Авенов Абдышүкүр, 2018-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×