Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 16.05.2019 13:22

Ошто 34 жаштагы адам токко урунуп каза болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 34 жаштагы жаран токко урунуп каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 10-май күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын Кеңеш участогунун 1985-жылы туулган тургуну М.Б. өз үйүндө электр тогуна урунуп, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Бирок ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон.

Маркум М.Б.нын жакындары аталган окуя боюнча эч кимге доосу жок экенин билдиришип, денени соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×