Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусу, Ош 16.05.2019 10:40 На русском

«Кызматкерлерге басым жасалууда»: Ошто милиция көмүскө кумарканага шектелген 9 жайды аныктаган (тизме)

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын январь айынан ушул жылдын май айына чейин Ош шаарында көмүскө кумаркана уюштурууга шектелген 9 жай аныкталган. Ал жайлардын айрымдарынын үстүнөн бир нече ирет тергөө иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда аталган жайлардын ичинен «Де люкс» жана «Прадо» жайлары боюнча кайрадан сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. 2018-жылдан бери «Прадо» оюн-зоок клубу 2 жолу көмүскө кумаркана уюштурууга шектелип, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында «кумар оюндарын камтыган эч кандай белгилер жок» деген корутунду чыгарылган. Бирок Ош шаардык милициясы аталган оюн-зоок клубун көмүскө кумаркана уюштурууга үчүнчү ирет шектүү катары каттап, сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Материалдар мыйзамга ылайык атайын экспертизага жөнөтүлгөн.

Ал эми А.Навои көчөсүндө жайгашкан «Де люкс» оюн-зоок клубу 2018-жылы 2 жолу кумар оюндарын уюштурууга шектүү катары текшерүүгө алынган жана эки ирет теӊ экспертизанын жыйынтыгы боюнча «кумар оюндарын ойноткон белгилер жок» деген корутунду чыгарылып, иш өндүрүштөн кыскартылган. Ош ШИИБ 18-март күнү үчүнчү ирет «Де люкс» жайынын үстүнөн кумар оюндарын уюштурууга шектүү катары иликтөө иштерин жүргүзүп баштаган.

Буга чейин Turmush басылмасы 13-май күнү Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү «Де люкс» конок үйүндө журналисттердин катышуусунда чыр чыкканын жазган.

Буладан башка көмүскө кумаркана уюштурууга шектелген 7 жай Ош ШИИБдин тергөө иштеринин негизинде жабылган.

Ош ШИИБ тарабынан аныкталган көмүскө кумаркана уюштурууга шектелген жайлар:

- Супаналиева көчөсүндөгү «Прадо» оюн-зоок клубу;
- Раимбеков көчөсүндөгү «Мейгранд» оюн-зоок клубу;
- Ленин көчөсүндөгү «Бархан» оюн-зоок клубу;
- А.Масалиев проспектисиндеги «Азык-Ордо» дүкөнүнүн жер төлөсүндөгү оюн-зоок клубу;
- Анар кичи шаарчасындагы «Миллион» дүкөнүнө улай жайгашкан оюн-зоок клубу;
- А.Масалиев проспектиси менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги оюн-зоок клубу;
- А.Новои көчөсүндөгү «Дел люкс» мейманканасынын имаратында жайгашкан оюн-зоок клубу;
- Раимбеков көчөсүндөгү «Тадж-Махал» мейманканасында жайгашкан оюн-зоок клубу;
- Ленин көчөсүндө жайгашкан «Таш-Рабат» соода борборуна улай жайгашкан оюн-зоок клубу.

«Жогорудагы жайлардын айрым өкүлдөрү укук коргоо органдарынын аракеттерине нааразы болушуп, милиция кызматкерлеринин үстүнөн көзөмөл органдарына арыз жазышкан жана милиция кызматкерлерине басым жасалууда», - деп айтылат Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Буга чейин Ош шаарынын милиция кызматы көмүскө иштеп жаткан кумарканаларды текшерүү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ыйгарым укугу тууралуу билдирүү жасашкан.

«Президенттин 2016-жылдын 18-майындагы №161 жарлыгында укук коргоо органдарынын системасын реформалоо жөнүндө айтылган. Анда укук коргоо органдарынын милдеттери бөлүштүрүлгөн. Жарлыкка ылайык экономикалык жана финансылык кылмыштарды, жашыруун кумарканаларды аныктоо Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктарына кирет», - деп айтылат билдирүүдө.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×