Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.05.2019 20:05

«Сабаттуу бол» акциясы Кара-Көлдө

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Кара-Көл шаарында «Сабаттуу бол» акциясы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Акцияга шаардагы жана Жазы-Кечүү айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, милиционерлер, муниципалдык кызматкерлер жана каалоочулар болуп, жалпы 393 адам катышты.

Акция мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, сабаттуу жазуу жана сүйлөө маданиятын өнүктүрүү максатында өлкө аймагында өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×