Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусуТоктогул району 15.05.2019 17:52

Бишкек—Ош жолунда эл аралык форумдун директору түшкөн такси «Портерди» сүздү

Turmush -  Бүгүн, 15-майда таңкы саат 05:00 чамасында Бишкек—Ош жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, айдоочу жолдон уктап кеткен. Унаанын ичинде үч жүргүнчү болгон. Алардын бири — Мt beauty models эл аралык форумунун директору Токтосун Намазов башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

333

«Бишкектен Ошту көздөй бара жаткан унаа — такси болчу. Кырсык Токтогул жакта болду. 23 жаштардагы айдоочу уйкусурап жаткандыктан уктап ал деп, Чычкандагы кафелердин биринин жанына токтотконбуз. Ал жактан айдоочу бир саат уктаган болчу. Кайра жолго чыкканда уктап кетип, алдыдагы "Портер" үлгүсүндөгү унааны сүздү. Кудайга шүгүр, жүргүнчүнүн баары аман-эсен калдык», - деди күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×