Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 14.05.2019 14:15

«Иштешине милиция кызыкдар»: Оштун мэри көмүскө кумаркана делген жай тууралуу (сүрөт)

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев

Turmush -  Бүгүн, 14-май күнү Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында депутат Рысбек Турдуев милиция кызматкерлерин сынга алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шаардык кеңештин депутаты Р.Турдуев кечээ, 13-май күнү Ош шаарында көмүскө иштеп жатат делген кумаркана боюнча пикирин айтып, ал жерде кумаркана болгону же болбогондугу тууралуу экспертизадан кийин белгилүү болорун билдирген милиция кызматын сындады.

«Кечээ журналисттер көмүскө иштеп жаткан кумаркананы аныкташты. Анан ал жерде бир жигит акчасын уттуруп жатса, силер экспертизадан кийин белгилүү болот дейсиңер. Акча уттуруп жатканы өзү эле экспертиза», - деди Р.Турдуев.

Ал эми Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов милиция кызматкерлери ал жайга (көмүскө иштеп жаткан кумаркана) өздөрү кызыкдар экенин айтты.

«Алар баарын билишет. Баарын мыйзамга байлап коюшкан. Ушул иштерге алар өздөрү кызыкдар. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Бороновдон сурадым, ал бул иштерди калкалабай турганын айтты. Катуу чара көрөрүн билдирди», - деди мэр.

Turmush басылмасы Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү «Де люкс» конок үйүндө кумаркана деп шек жараткан жайдын күзөтчүлөрү журналисттерге кол салганын жазган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
400 Bad Request

Bad Request

Your browser sent a request that this server could not understand.

×