Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 13.05.2019 13:00

Бети-колу тытылып, кийими айрылган: Ошто журналисттерге кол салышты (видео)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 13-май күнү Ош шаарында көмүскө иш алып барууга шектелип, текшерүүгө алынган кумаркананы видеого тартып жаткан эки журналистке кол салуу болду. Маалыматка караганда, кумаркананын кызматкерлери «Азаттык» радиосунун жана «НурТВ» телеканалынын кабарчыларынын колдорун кайрып, чөнтөк телефондорун алууга аракет кылышкан.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковдун кийими айрылса, «НурТВ» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулунун уюлдук телефонун аталган жайдын күзөтчүлөрү алып коюшкан. Даткабек Шабданбек уулунун айтымында, анын чөнтөк телефонундагы бардык видеолорду өчүрүп салышкан.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мэр Таалайбек Сарыбашов шаардагы көмүскө иштеген «кумаркана, сойкукана» деп шектелип жаткан жайларга текшерүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берген.

«Эгерде көмүскө жайлар аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөт. Журналисттер чагылдырып жаткан кумаркана буга чейин милиция тарабынан текшерүүгө алынган», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
400 Bad Request

Bad Request

Your browser sent a request that this server could not understand.

×