Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусу, Нарын 15.05.2019 15:08

Нарында «Сабаттуу бол» акциясы өткөрүлүүдө

Turmush -  Нарын шаарында «Сабаттуу бол» акциясы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 15-майда Нарын мамлекеттик университетинин башкы имаратында «Сабаттуу бол» акциясы өткөрүлүп, ага катышкандар кыргыз тилинде жат жазуу жазышты.

Мамлекеттик тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жер-жерлерде «Сабаттуу бол» акциясын өткөрүүдө. Ага республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, ЖОЖдордун башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы каалоочулар катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×