Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусу, Ош 15.05.2019 14:02

«Жаңы муундун лидерлери»: Ош жана Бишкектеги айрым мектептерде жаңы пилоттук долбоор ишке кирди (сүрөт)

Turmush -  Орто мектептин окуучуларына «STEM боюнча билим берүү» пилоттук долбоору боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын 10 мектеби иштей баштады. Бул тууралуу Ош гуманитардык педагогикалык институтунан билдиришти.

STEM — илим, технология, инженерия жана математика багытында билим берүү программасынын бир түрү. Аталган 4 дисциплинаны өз-өзүнчө эмес, бир окутуу дегенди түшүндүрөт.

Долбоордун жетекчиси Жылдыз Акназарованын айтымында, аталган долбоорго катышуу үчүн 5-6-7-класстын 60 окуучусу атайын жүргүзүлгөн сынактын негизинде тандалган.

«Учурда балдарга компьютердик сабатын жогорулатуу жана критикалык ой жүгүртүү, коммуникация түзүү жана креативдүү ойлонуу боюнча тренингдер өтүп жатат. Андан тышкары алар англис тилин үйрөнүшөт жана лидерлик сапатын өркүндөтүү, ийгиликтүү бизнес баштоо жана чет өлкөдө билим алууга даярдануу сыяктуу багыттарда мастер-класстар өткөрүлөт. Бул долбоор келечекте балдардын туура кесип тандоосуна өбөлгө түзөт. Алар колледжде, университетте жана коомдо ийгиликтүү инсан катары калыптанат. Долбоор информациялык технологиялар жана инновация тармагындагы жаңы муундун лидерлерин даярдайт. Долбоорду АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылайт жана АКСЕЛС (ACCELS) эл аралык билим берүү боюнча Американын кеңеши башкарат. "Smart Generation in Action" коомдук фонду долбоордун өнөктөшү болуп саналат», - деди Ж.Акназарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×