Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Нарын облусуАк-Талаа району 19.05.2019 17:00 На русском

Ак-Талаада дыйкан жер сугарып жатып 70 килограммдык өзгөчө казан таап алды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Ильичбек Асанкан уулу мындан 6-7 жыл мурун жез казан таап алып, аны музейге өткөрүп бергендигин райондук музейдин директору Мыктыбек Апилов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мындан 6-7 жыл мурун Баетов айылынын тургуну И.Асанкан уулу Дөң-Булак аймагындагы Мазар-Булак деген жерде сугат сугарып жүрүп, аңдын ичинен казан таап алып, аны үйүндө сактап келген. 2018-жылы ноябрь айларында музейдин директору М.Апиловдун аракети менен казан музейге берилди.

«Ильичбек өзү дыйканчылык кылган жигит. Мазар-Булак деген жерге картошка эгет. Картошканы сугарам деп суу жыгат. Ошол маалда колундагы шайманына жерден бир нерсе урунат. Казып көрсө казан экен. Анын темир, чугун же жез экендиги билинген эмес. Ал жерде алардын илгери ата-бабалары жашашкан экен. "Биздин ата-бабаларыбыздын колдонгон буюму, өзүбүз эле үйгө сактап коёлу" деген ой менен үйүндө сактап жүрүшкөн экен. Бул чоң тарыхый табылга деп, Ильичбектин апасы Уулбек Татыбекованын жардамы менен музейге алдырдык», - деди М.Апилов.

Баалуу табылга 4-5-кылымдарга таандык болушу мүмкүн деп божомолдойт музейдин директору.

«Казанды реставрация жасасак, нукура жезден жасалган казан экен. Ага чейин капкара эле болуп турган. Жез казандын 2 кулагы, атайын жасалган түбү бар экендиги көрүнүп турат. Салмагы болжол менен 60-70 килограмм, көлөмү 80 литрдей болот.

Муну тарыхый булактарга таянып изилдеп көрдүм. Бул казан Ысык-Көлдүн түбүнөн табылган 4-5-кылымдарга таандык казандарга окшошуп кетет экен. Эки адам араң көтөрөт. Дагы бир нерсени байкадым: капталдарында буттары бар окшойт. Андан сырткары ошол мезгилдеги усталардын өзгөчө болгондугунан кабар берет. Анткени, казандын бир жери оюлуп, тешилип калган экен. Ошол тешигин өзүндөй жез менен кайра жамап коюшуптур», - деди М.Апилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×