Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусуТоктогул району 15.05.2019 12:21

Айыл турмушу: Балчылык – эң жакшы бизнес, - токтогулдук А.Кадырбеков (маек)

Turmush -  Токтогул районунун Толук айыл аймагына караштуу Ноот айылында «Тоолук» көп тармактуу айыл чарба кооперативи аарычылык тармагында иш алып барат. Аймактык кабарчы кооперативдин жетекчиси Азизбек Кадырбеков менен маектешти.

- Азизбек мырза, кооперативдин иши тууралуу кеп салсаңыз.

- «Тоолук» көп тармактуу айыл чарба кооперативи 2017-жылы түзүлгөн, ал убакта 7 адам иштечү элек. Азыр жумушчулардын саны өстү. Негизи ата-бабаларым жапайы аарыларды багуу менен алектенишчү. Мен дагы алардын жолун жолдоп, балчылык менен алектенип келем.

- Балчылыкты өздөштүрүү кыйынбы?

- Аарыларга 6 ай гана жакшы кам көрүп, аларга шарт түзүп койсок, балчылык эң жакшы бизнес десек болот. Толук айылынын жашоочулары негизинен мал чарбасы жана балчылык менен алектенишет. Анда 50дөн баштап 1 миңге чейин бал челек кармаган балчылар бар.

- Сиз канча бал челек кармайсыз?

- Биздин кооперативдин 200 даана бал челеги бар. Мен балды өндүрүп, аны сатууга чейин даярдап берем. Ал эми сатуу жана бал челектерди даярдоо ишин башка адам аткарат. Биз буга чейин балды өндүрүүдө эски ыкмаларды колдонуп келгенбиз. Бирок азыр изденип, жаңы ыкмаларды үйрөнүп жатабыз. Жаңы «дадан» методуна өткөндөн кийин ишибиз бир топ жеңилдеп калды. Бул методдун негизинде мурда 3 киши аткарган жумушту, учурда бир киши жасап жатат. Ошондуктан бул ыкманы башка балчыларга дагы сунуштап жатабыз.

- Өндүрүлгөн балды кайда сатасыңар?

- Кыргызстанда таза балды өндүрүп, бирок жакшы баага сата албай жатабыз. Эгер 2000 кг бал өндүрсөк, анын 1 килограммын 180-200 сомдон өткөрөбүз. Мындан улам балды көбөйтүп, Россия, Сауд Арабия, Малайзияга сатууну пландап жатабыз. Өткөн жылы арабдар келип, аларга 100 кг бал саттык. Ошондо 1 килограммы 1000 сомдон туура келди. Ал эми ошол балды өндүрүүгө кеткен чыгым 100 сомду гана түздү.

- Демек, силер өндүргөн бал чет элдик сатып алуучулардын талабына жооп берет экен да?

- Албетте, таза балды өндүрүү биздин колубузда. Бирок бизде көпчүлүк учурда сапатка маани бербей калабыз. Себеби талаада өндүргөн таза балды эски бал челектерге куюп, сапатын начар кылып алып, сата албай кыйналгандар болот. Эгер биз балды кымбат сатабыз десек таза, сапаттуу кылып өндүрүшүбүз шарт.

- Аарылардын оорулары менен кантип күрөшөсүздөр?

- Аарынын 4 эң негизги оорусу бар. Алардан сактануу үчүн жыл сайын бал челектерди тазалап, оорунун алдын алуу иштерин жүргүзөбүз. Өткөн жылы гнилец оорусу бир гана бизде эмес, Европа өлкөлөрүндө дагы күч алды. Бул оору аэрозолдук болуп, аба аркылуу тарап, көпчүлүк балчылар аарыларынан ажырашты.

- Мындай учурда дарыларды кайсыл жактан аласыздар?

- Биз Россия, Украинадан дарыларды алдырабыз. Эгер жергиликтүү балчылар биз менен байланышса биз арзан баада алып келип беребиз.

- Балчылык ишин жаңыдан баштап жаткан ишкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?

- Балчылыкты жаңы баштагандар май айынын башында 1 үй-бүлө аары менен баштаса жетиштүү. Кийин аарылар көбөйгөндө эне аарыларды өзүнчө бөлүп алып, бал челектин санын көбөйтсө болот. Аларга жакшы кам көрүп, бал челектердин санын көбөйткөндөн кийин гана аны акча табуунун булагына айлантууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×