Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 15.05.2019 14:00

Баткенде 4 өлкөнүн жаштары катышып жаткан фестиваль уланууда

Turmush -  Баткен шаарында 4 өлкөнүн жаштары катышкан «Жаш таланттар достугу» фестивалы улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 жылдан бери өткөрүлүп жаткан иш-чарага Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын 100дөн ашуун жаш таланттары катышып жатат.

«Баткен шаарында өткөн жылы да жаш таланттардын фестивалы өткөрүлгөн. Анда Өзбекстандан гана жаштар келишкен. Быйыл Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 120 бала келишти. Алар кече келишкен. Бүгүн шаардагы А.Жайнаков атындагы драма театрда таланттарын көрсөтүшөт. Эртең Баткен шаарындагы тарыхый жайларга саякатка алып чыгабыз. Фестиваль жаштардын ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө максатында ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте уюштурулуп жатат», - деди Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×