Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуАламүдүн району 15.05.2019 10:00

Аламүдүндө 9 жаштагы бала каналга чөгүп каза болду

Turmush -  Кечээ, 14-майда Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылында 9 жаштагы бала Чоң Чүй каналына чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 17:46 чамасында болгон. Чоң Чүй каналынын ГЭС-2 айылынын Гоголь көчөсүндөгү тилкесинде 2010-жылы туулган А. уулу А. аттуу бала сууга чөгүп кеткен. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары тартылган.

Алар саат 18:30 чамасында баланын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×