Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуКара-Суу району 14.05.2019 15:13

Кара-Суудагы кырсык: Шатыдан кулаган өрт өчүрүүчү жумушка чыкты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда кызмат учурунда шатыдан кулап кеткен өрт өчүрүүчүнүн абалы жакшы. Бул тууралуу Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМдин кызматкери өрт өчүрүү учурунда шатыдан кулап кеткен. Учурда ал ооруканадан чыгып, кайра жумушка чыкты.

-----------------------------------------

Turmush басылмасы кечээ, 13-май күнү Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылынын Ибн Сина көчөсүндөгү үйлөр өрттөнгөнүн жазган.

Маалыматка караганда, 4 үйдүн 629 чарчы метр жыгач устундуу тунуке жабылган чатырлары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 7 бөлүм, ИИМден 15 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, «Газпром» мекемесинен 4 кызматкер, РЭТ кызматынан 2 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 21:22де чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн. Кырсык электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыккан.

Кырсык учурунда өрт өчүрүүчү кызматкер жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар иш учурунда өрт өчүрүүчү кызматкер шатыдан кулап кетип, милиция кызматкерлери жабырлануучуну ооруканага жеткиришкендигин айтышкан.

Өрт өчүрүүчүлөр 4 үй жабыркаганын айтса, жергиликтүү тургундар жалын 7 үйдү каптаганын айтууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×