Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.05.2019 13:54 На русском

Ысык-Көлдө Касым Тыныстановдун 118 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тамчы айыл округунун Чырпыкты айылында кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 118 жылдыгы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага айыл тургундары, мектептин жамааты жана райондун активи катышты. Алгач Касым Тыныстановдун жаркын элесине арналып куран окулуп, андан кийин окуучулар тарабынан ырлар окулду. Андан соң маданий иш-чара желгиликтүү клубда улантылды.

Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган.

1909-1912-жылдары Чырпыктыда мусулман мектебинде окуп, андан кийин Сазановка айылындагы ѳзбек медресесине кирет. 1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы эл менен бирге Кытайга качат. 1918-жылы гана кайтып келип, Тепке айылында таякелериникинде туруп калган. Тепке айылында жγргѳндѳ ыр дагы жаза баштаган. 1919-жылы Ташкентке барып, Казак-Кыргыз агартуу институтунун даярдоо бѳлγмγнѳ алынган. 1920-жылы Кыргыз агартуу институтуна кабыл алынган.

К.Тыныстановдун ишмердик жолу институтта окуп жγргѳн кезинде эле башталган. Ал 1920-1924-жылдары «Өрис», «Ак-Жол» гезиттеринде, «Жас Кайрат», «Сана» журналдарында кызматкер болгон. 1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун Академиялык борборунун кыргыз бѳлγмγнγн катчылыгына дайындалат. Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп, ошол эле убакта «Эркин-Тоо» гезитинин жооптуу редакторунун милдетин да аткарган. 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл аргартуу комиссары болуп дайындалып, γч жыл эмгектенген. Ушул эле убакта «Жаңы маданият» журналынын редактору, 1930-37-жылдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, 3 ай анын жетекчиси кызматын аркалаган. Кыргыз педагогикалык институтунда лекция окуган. К.Тыныстанов Кыргыз ССРиндеги 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамын алган эң биринчи адам.

Ал кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, араб арибин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде тунгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин тунгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.

К.Тыныстанов 1938 жылы репрессия учурунда эл душманы аталып, атылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×