Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусуТүп району 14.05.2019 13:23 Жаңыланды: 14.05.2019 18:08

Тагдыр: 24 жаштагы Айтбек боорун алмаштыруу үчүн операцияга муктаж

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылынын 1995-жылы туулган тургуну Айтбек Адылбеков боорун алмаштыруу үчүн операцияга муктаж.

Анын классташы Жоомарт Жумаевдин айтымында, Айтбек бир жылдан бери боордун альвеококкоз оорусу менен жабыркап келет. Анын бир агасы жана 2 карындашы бар. Апасы мугалим, атасы бир нече жыл айыл өкмөттө иштеген. Үй-бүлөнүн мүчөлөрү 2018-жылдын жаз айларында бул ооруга чалдыгышкан.

Айтбек учурда атасынын үйүндө. Өз алдынча кыймылдай албагандыктан төшөктө жатат.

«Айылдагы мектепти аяктагандан кийин ал Нарын облусунун Нарын шаарындагы тиш дарылоо кесибин үйрөткөн колледжди жакшы аяктаган. Айылга келип, өзүнүн тиш дарылоо борборун ачууну пландап жаткан. Аңгыча эле жаман дартка чалдыгып калды. Азыр айыл эли, өзгөчө жаштар биригип, жардам берели деп аракет кылып жатабыз. Учурда Айтбекке 4 донор жана 40 миң АКШ доллары керек экен, бул сумманы тез арада чогултуу керек болууда. Антпесе классташыбыздын абалы оор болуп жатат», - деди ал.

Классташы маалымдагандай, буга чейин Айтбекке Бишкектен операция жасалган. Жыйынтык болбогондуктан ата-энеси Россияга алып барып, Кыргызстанда операция учурунда алынган өтүн кайра калыбына келтирген. Ал эми бооруна жасала турган операцияга 3 млн рубль керек экенин, анын мындан ары сакайып кетишине кепилдик жок деп айтышкан. Буга чейин бир нече жолу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кан жоготкон жигиттин классташтары кайрымдуу элден жардам сурашат.

Жардам берүүнү каалагандар 0554 15 51 77 номуру аркылуу классташы Жоомарт менен байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×