Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Талас облусуТалас району 14.05.2019 13:02 Жаңыланды: 14.05.2019 19:51 На русском

«Сизди жакшы көрүп калдым:» Абылгазиевге окуучу кыз сүйүү арнап... Мектеп жана мугалим (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 24 жаштагы тургуну Кайрат Абылгазиев мугалимдик кесиптин ээси болуп, окуучуларга кыргыз тили жана адабияты сабагын окутууда. Аймактагы кабарчы мугалим мырзадан кабар алды.

Бала кезден кыялданган кесип

Бардык эле адамдар кичине кезинде ар түрдүү кесиптин ээси болууну кыялданат эмеспи. Мен дагы бала күнүмдөн жакшы окуп, келечекте мугалим болууну көздөгөм. Өзүм мектепте ийгиликтерди жаратып, предметтик олимпиадаларга көп катыштым. Ошол учурда мага билим берген эжелер менен азыр кесиптеш болуп жүргөнүмө кубанычтамын.

Жаңы мугалим болуп келгенде коркуу сезимим күчтүү болчу. Эже-агайлардын ишеничин актай аламбы деп өзүмө көп суроо бергем. Азыр ар бир класска кирип, жан дүйнөсү таза, билимге умтулган балдарды көргөндө ушундай ардактуу кесиптин ээси экениме сыймыктанам.

Кошуна айылга 10 км жолду басып барып иштейм

Мен жашаган Арал айылындагы мектепте жумуш орду жок болгондугуна байланыштуу Хан Бүргө айылына барып иштегенге туура келип жатат. Жалпысынан күнүгө 10 км жол басам. Мындай алыстан сабакка кечигип калбаш үчүн үйдөн эрте чыкканга аракет кылам. Кышында күн кыска болуп, караңгыда чыгышым керек болот.

Бир жолу мен отурган такси бузулуп калып, сабагымды өтүп берүүнү башка мугалимден суранган элем. Жөн эле шылтоо болбосун деп бузулуп калган унааны сүрөткө тартып, далил катары алып баргам.

Тапшырманы аткарбай келген окуучулар

Мектепте жүргөндө кызыктуу окуяларга көп туш болосуң. Ага катар өзүңдүн окуучу кезиңде туура эмес кылганыңды сезип, кейиген учурлар болот. Мугалим түн бир оокумга чейин окуучулар үчүн жакшы даярданып, сабагын өтөт. Биринчиден, баланын сабакка көңүл бурбай отурганы, экинчиден окуучу үйгө берилген тапшырманы аткарбай келгени мугалим үчүн жаман акыбал жаратарын өзүм мугалим болгондо түшүндүм.

Сүйүүсүн арнаган окуучу кыз

Өзүм жаш агай болгондон кийин окуучулар арасында ар түрдүү сүйлөшүүлөр болот экен. Бир жолу башка мектепке окуучуларымды сынакка катышууга алып барган элем. Бир окуучу кыз келип, «агай жолугуп коёсузбу» деп калды. Барсам «агай, мен сизди жакшы көрүп калдым» десе болобу. Эмне деп айтарымды билбей уялгам. Бул сыяктуу окуялар көп эле болуп турат. Аларга биринчи кезекте билим алуу керектигин айтам.

Сынактарга көп катышам

Мектепте иштеп, «Жылдын мыкты мугалими» наамынын ээси болсом экен дечү элем. Быйыл мектептен жолдомо алып барайын десем ага мугалимдик стаж каралат экен. Ошондон улам бул сынакка катыша албай калдым. Бирок келечекте бул наамдын ээси болуу үчүн көп аракет жумшайм.

Мектептер арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата чыгармаларынан үзүндү аткаруу боюнча сынакта «Биринчи мугалим» чыгармасындагы Дүйшөндүн образы менен «Эң мыкты аткаруучу» наамын алдым. Ага катар эле «Мугалим коомдун күзгүсү» аттуу сынакта баш байгени алдым. Булар менин мугалимдик кесибимдин өсүшүнө чоң күч берет. Өзүм кыргыз тилчи болгондуктан мен үчүн эң маанилүү сынак «Үлгүлүү кыргыз тилчи» сынагында жеңишке жетүү болчу. Талас районунун мектептери ичинде 1-орунду алып, облустук турга катышууга жолдомо алдым. Азыркы учурда кызуу даярдыктын үстүндө жүрөм.

Жаш мугалим учурда үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×