Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусу, Нарын 13.05.2019 21:59 На русском

Кыргызстандагы эң бийик чоку — Сулайман-Тоо: Нарындагы толкунданган сулуулар. Видео

Turmush -  Нарын шаарында «Нарын сулуусу-2019» сынагы болуп өттү. Сынакта Нарын шаарынан жана Нарын районунан келген сулуулар өздөрүнүн күчүн сынашты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сулуулук сынагына жалпысынан 14 жаштан 22 жашка чейинки сулуу кыздары катышкан. Сынактын максаты — кыздардын жалпы интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, таланттуу жаш кыздарды табуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүү, ошондой эле моралдык дем берүү.

Сынак 5 этап менен өтүп, сулуулар төмөндөгү тапшырмаларды аткарышты:

- «Саламдашуу» — катышуучулар өзүн-өзү тааныштыруу;

- «Акыл Карачач» — билимин, интеллектуалдык потенциалын баалоо үчүн уюштуруу тобу тарабынан даярдалган суроолорго жооп берүү;

- «Таланттуу пери » — ар бир катышуучу өз өнөрлөрүн тартуулоо;

- «Кечки стиль» — катышуучулар көйнөк менен чыгышып, жарашыктуу кийимин жана өзүнүн сахнада эркин алып жүрүүсүн көрсөтүү.

Сынакта суроого жооп берүү учурунда айрым сулуулар толкунданып, туура эмес жоопторду берип жатышты. Мисалы, «Кыргызстандагы эң бийик чоку кайсы?» деген суроого «Сулайман-Тоо» деген жооп болду.

Сынактын жыйынтыгында «Нарын сулуусу - 2019» наамын 16 жаштагы Айдана Асанбекова жеңип, Ташкентке 3 күндүк эс алууга жолдомо алды. Ал эми «Биринчи вице-мисс» наамын Айзада Марсбек кызы алып, ага Казакстанга 3 күндүк эс алууга жолдомо тапшырылды.

12 катышуучунун ар бирине дипломдор жана тиешелүү наамдар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×