Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 13.05.2019 15:02 Жаңыланды: 21.07.2019 23:02

Айыл турмушу: Балык багып бутуна турган Г.Дадабаевдин элеттеги бизнеси (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Достук айылынын тургуну Ганижан Дадабаев 37 жылдан бери балык чарбасын иштетип келет. Элеттик ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, балык көлмөсүнүн жалпы аянты 6 сотых жерди ээлейт.

«Атайын долбоордун алкагында 45 килограмм балыктын чабагын алгам. Ошондон бери балыктар жакшы өсүп, киреше алып келүүдө. Андан тышкары, балык көлмөсүнүн жанына тапчандарды коюп, эс алуучулар үчүн шарт түзүп койгонбуз. Каалоочулар келип эс алып, биздин балыктардан даам татып кетишет», - дейт ал.

Анын айтымында, балыктын чабактарын Өзгөндөгү балык чарбасынан сатып алышкан.

«Балыктарды беде, жүгөрү, нан менен багып жатабыз. Биздин аймактагы фермерлер өстүргөн балыктарын бир гана тамак-ашка пайдаланбастан базарларга же дүкөндөргө сатып, үй-бүлөлүк кирешесин толуктап жатышат. Мен дагы 37 жылдан бери балык багуу менен алектенип, ушул иш аркылуу киреше таап жатам», - дейт ал.

Фермер балыктын этинде минералдык азыктар көп экенин белгиледи.

«Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына караганда, адам баласы жылына жок дегенде 20 кг балык жеши керек экен. Балыкта минералдык заттар, фосфор, кальций, магний, натрий жана В6, D3 витаминдери кездешет. Балыктын эти гана эмес майы дагы пайдалуу, А жана В витаминдерге бай. Балыкты кечки тамактанууга пайдаланса жакшы болот. Себеби, кечки тамак жеңил, зыянсыз болушу шарт. Балыктын эти ашказанда бат иштелип, организмге бат сиңет», - дейт Ганижан Дадабаев.

Маалым болгондой, бул жылдын башында чакан балык көлмөлөрдө балык өстүргөн фермерлер тандалып алынган. Мисалы, Ноокендин Бирдик, Жаңы-Турмуш, Кыла айылдарынан 4 фермер, ал эми Ала-Бука районунан Сары-Талаа, Өрүктү-Сай, Достук айылдарынан 9 фермер тандалган. Бул фермерлер менен үй-бүлөлүк тамактанууну жакшыртуу, түрлөп тамактануу, үй-бүлөлүк бюджетке киреше алып келүүчү булак катары пайдалануу максатында келишим түзүлүп, долбоор тарабынан балык чабактары берилген. Фермерлердин балык көлмөлөрүнүн эң азы 0,5 сотыхты түзсө, эң көбү 17 сотых аянтты түзөт. Жалпысынан фермерлер карп, ак амур, толстолобик балыктарынын чабактарын алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×