Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 10.05.2019 17:33 На русском

Алайдагы дүкөндөн 140 миң сом уурдап кеткен шектүү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Алай районундагы дүкөндөрдүн биринен ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алай районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Шоро айылынын 37 жаштагы тургуну Ж.Ж. кайрылган. Ал 27-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Алай районунун Коңур-Дөбө айылында жайгашкан дүкөнүнөн 140 миң 47 сом акчасын жана наркы 2 миң 338 сом турган азык-түлүктөрүн уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Алай РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан.

Алай РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Алай районунун 1997-жылы туулган тургуну М.А. кармалган. Шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда далил буюм катары 37 миң 500 сом акча каражаты жана дүкөндөн уурдалган ар кандай азык-түлүктөр табылып алынган.

Учурда Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, шектүү М.А. Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×