Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.05.2019 12:19 На русском

Жалал-Абадда нефтебазадагы өрт дагы деле алоолонуп күйүп жатат. Видео

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында нефтебазадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 10-майда өрт өчүрүү кызматына Шерматов көчөсүндө жайгашкан нефтебазадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө алгач жалпы 3 бөлүм тартылган.

Аймактык кабарчы билдиргендей, учурда аталган өрт алоолонуп күйүп жатат. ӨКМдин кызматкерлери тынымсыз иштөөдө. Ал эми милиция кызматкерлери бул аймактыкты курчоого алып турушат. Базага жакын жайгашкан элге түшүндүрүү иши жүрүп, аларды өрткө жакын жолотпой жатат. Тилсиз жоодон адамдар жабыркаган жок.

Акыркы маалыматтарга караганда, мазуттун эки челеги күйүп өчтү. Өрт өчүрүүгө 7 унаа тартылган жана тиешелүү түзүмдүн кызматкерлери жүрүшөт.

«Өрт чыгып, мазут күйүп жатат. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат. Бирок аны көбүк менен (пена) өчүрбөсө токтотуш кыйын болууда. Азыр кыргызнефтегаздан көбүк алып келишти. Дагы көбүк келет. Бул аймактагы элдин баарын коопсуз жайга чыгардык», - деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев окуя болгон жерге барды. Анын айтымында, учурда өрт өчүрүүгө кошумча өрт бригадалары тартылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×