Бөлүмдөр
Жума, 24-май
10.05.2019 10:49 На русском

Тоңдо ооз бекиткен маалда айыл өкмөттүн «Хово» унаасы өрттөндү

Turmush -  Тоң районунда жүк ташуучу унаанын кабинасы белгисиз себептерден улам күйүп кетти. Бул тууралуу Тоң райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 8-май күнү таңкы саат 04:30 чамасында катталган. Анда Тоң районунун Кара-Талаа айылындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган «Хово» үлгүсүндөгү унаанын кабинасы күйүп кеткен.

Алдын ала териштирүү иштеринин негизинде белгилүү болгондой, «Хово» үлгүсүндөгү унаа Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн муниципалдык унаасы болгон. Бирок 2018-жылы жашоочу Канат Ж. айыл өкмөтү менен 4 жылга келишим түзүп, убактылуу ушул күнгө чейин иштетип келген.

«2019 жылдын 6-майында Канат Ж. "Хово" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны үйүнүн жанына, көчөгө токтотуп коюп Бишкек шаарына кеткен. Анын баласы — 1991-жылы туулган Азат 8-май күнү эртең менен болжол саат 04:00 чамасында оозун бекитип алып жаткан учурда эшиктен бир катуу добуш чыккан. Сыртка чыгып, "Хово" автоунаасы белгисиз себептер менен өрттөнүп жатканын көрүп дароо тийиштүү кызматкерлерге билдирген», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда өрт техникалык экспертиза дайындалып, алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×