Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусуТүп району 03.05.2019 17:14 Жаңыланды: 09.05.2019 08:39 На русском

Улуу Жеңишке 74 жыл: Согушта 18 «тилди» тирүү кармап келген чалгынчы А.Коёнкөзовдун 6 эрдиги (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылындагы орто мектепке, Каракол шаары менен Бишкек шаарындагы көчөлөргө легендарлуу чалгынчы Ашырбай Коёнкөзовдун ысымы берилген. Союз учурунда Псков районундагы Ручевская айылында Ашырбай ата курман болгон жерде эстелик орнотулуп, 8 жылдык мектепке ысымы берилип, эки мектептин пионер отряддары, окуучулары кат жазышып турушкан.

Чалгынчы Ашырбай ата согушта болгон мезгилинде 200дөн ашык фашистти жок кылып, 18 «тилди» тирүү кармап келген. Кээде анын кармап келген «тили» баалуу болгондуктан биздин жоокерлер көптөгөн жеңиштерге жетишкен. Аны далай жолу Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүшкөнү, орус тилинде “ө”, “ү” тамгалары жоктугунан баатырлык наам Коёнкөзовдун ордуна Коенкозов менен Куянкузовду издеп, ээсин таппай жүргөнү айтылып жүрөт.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Муратбек Жумакадыров Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Ашырбай атанын мекенин баскынчылардан коргоодогу эрдиктерин далилдүү фактыларды колдонуп, төмөнкүлөрдү айтып берди.

Биринчи эрдиги

Түн кирери менен Ала-Тоонун бүркүтүндөй болуп көздөрү күйүп Ашырбай менен төртөө чалгынга жөнөп кетишти. Бир да ок чыгарбай, болгондо да уктап жаткан немистин офицерин көтөрүп алып жолго чыгышты. Алмак-салмак көтөрүп келе жатышып, жолдон кежирленген офицерди Ашырбай кичине «эсине келтирип» койгондон кийин тынчып калды. Келип мүшөктү төксө, немис өлүп калыптыр. «Жолдош командир, «тилге» кайра барып келейин, десе, ал: «жок, болбойт! Тигинин деле талаа сумкасында жетишерлик фактылар бар экен» деп кезектеги чабуулга даярданыптыр.

Экинчи эрдиги

Дагы бир жолу Орто Азия менен Казакстандан фронттогу жоокерлерге моралдык колдоо көрсөткөнү искусство чеберлери келе жатат дегенди угуп, тирүү фашистти жердештерине сюрприз катары көрсөтөйүн деп чалгындан «тил» кармап келе жатканда атышуудан ок тийип, немис өлүп калат. Мен сөзсүз түрдө жердештериме тирүү немисти көрсөтүшүм керек деген Ашырбай ата жалгыз өзү кайра аны кармап келүүгө кетет. Кармап келгенде жердештери кетип калган болот. Ашырбай атаны командирден уруксат албай кеткени үчүн күнөөлөп, бирок алып келген туткундан өтө маанилүү документтер чыккандан кийин «Сен жолду билесиң» деп камап койгон жеринен бошотуп, кезектеги чалгынга баштап барууга буйрук берилет. Кезектеги чабуулга даярданып жаткан фашисттерди үстүнөн басып, тымтыракайын чыгарышат. Бул жөнүндө 1942-жылдын 20-октябрында «Боевая знамя» гезити жазып калтырган.

Үчүнчү эрдиги

Коёнкөзов ушул жолу бир танканы өрттөп, 15 фашистти сулатып, курман болгон А.Пискундун сөөгүн көтөрүп, 1075-аткычтар полкунун батальонуна кайтып келген. Ошондо «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланды деп 1942-жылдын 31-июлунда «Известия» гезити «Ашырбайдын сыры» деген макаланы жарыялаган. Ошондо фронтко барган Кыргызстандын делегациясы өзү тигинтип чалгында жүрсө берип койгула деп күмүш канжар табыштап кетишкен. Ашырбайдын өз колунан кийин алып, 1966-жылы 16-майда Алматадагы 8-гвардиялык панфиловдук дивизиянын күжүрмөн даңкынын музейинде Казак ССРинин эл артисти Элүбай Өмүрзаков өткөрүп берген күмүш канжар сакталып турат.

Төртүнчү эрдиги

А.Коёнкөзов партиянын катарына өтүп жатканда комбат Гусев: «Сен Ашырбай, чалгынчылык сырларыңды айтпай койдуң го», - дейт. А.Коёнкөзов жайдары түрдө: «Мен гитлерчилерди көргөндө алар канча киши экенине көңүл бурбайм, ал убакта бир гана алар качып кетпесин деп ойлойм. Мендеги болгон сыр ушул», - деп жооп берген.

Эми дивизиялык «За родину» гезитине жазган жаңы жылдык катын окуп көрөлү.

(1-январь 1943-ж.) «1943-жыл Улуу Ата Мекендик согуштун жалында өттү. Ушул жаңы жылдык түндү да өрттүн илеби жарык кылып турат. 138 немисти ушул беш атарым менен жайладым. 15 кишисин жанын көзүнө көрсөтүп, колун көтөртүп багынттым. Чынында мен алардын дароо көзүн тазалагым келген, бирок согуштун өз мыйзамы бар эмеспи, «тил» керек болчу. Ошондуктан ал «тилдерди» өзүмдүн бөлүгүмө тапшырдым...» деп жазган.

Бешинчи эрдиги

Панфиловчу Коёнкөзовдун партизан болгондугу, Ленинграддык 7-партизандык бригадада кызмат кылганы 20 жылдан кийин белгилүү болгонун панфиловчулар М.Н.Малахов менен Жетпысбаев баяндап беришти. Ленинграддык 7-партизандык бригаданын үлүшүнө эң жооптуу темир жана шоссе жолдорун көзөмөлгө алуу менен фашисттик транспорттор менен аскерлерди тынымсыз кыйратып туруу милдети турган.

«Ленинградский партизан» гезитинин 1944-жылдын 18-мартында жарык көргөн санында партизан Рудаковдун «Ашырбай жөнүндө сөз» деген макаласы жарык көрөт.

«Биз токойдон өтүп, райондун борборун душмандардан тазалаш керек эле. Алдыбыздагы эң ыңгайлуу жерди душмандар ээлеп алышкан. Чабуул коюп алалы десек баарыбыз кырылчудайбыз. «Мен жол ачып берем, ат тапкыла» - деди. Ат таап келгенден кийин Ашырбай атка чалкасынан түшүп, өлүп калган адамдай болуп бир капталынан сүйрөлүп жөнөп калды. Немистер да кызыгуу менен карап калышты. Биз да Ашырбай эмнени ойлоп жатат деп, шашпай баскан атты жана өлүк болуп сүйрөлгөн Ашырбайды карап тынчсызданып турабыз. Ага чейин душмандар тосмо кылып жасап алган жерге жакын келгенде шак этип тура калып, ооз ачып турган немистерди көздөй немистердин жыгач сап гранатынан экөөнү удаа-удаа ыргытып, өзү токойду карай чаап кирип кетти. Биз удаа эле чабуул коюп, душмандардын ташын талкан кылып жибердик.

Алтынчы эрдиги

Ушул жерден командири В.Капровду өлүмдөн аман сактап калып, «Каармандыгы үчүн» медаль алганын айтпай кетүүгө болбойт. Аскердик тапшырманы аткарууга токой аралап бара жатышканда немистер Ашырбайлар кетип бара жаткан топко жыгач саптуу граната ыргытат. Аны бала кезден ат үстүндө өскөн Ашырбай шап тозуп алып, кайра өздөрүн көздөй ыргытып, командири В.Капровду сактап калган», - деп жазган.

Ошол кезде Ашырбайдын согуштук эсебинде жок кылынган (мылтыгынын кундагына белги салынган) 200дөн ашык фашист жана 18 «тили» бар болучу. 1943-жылы 31-декабрда кезектеги чалгындагы катуу кармашта Псков районунун Ручевская айылынын жанында Ашырбай баатырларча курман болот. Кызыл из кубарлар, куралдаш орус жолдоштору болбосо Ашырбай жөнүндө билбей калмакпыз. Кыргызстандын Россиянын курамына өз ыктыяры менен кошулганынын 100 жылдыгына карата бул жерде курман болгон Ашырбай Коёнкөзовдун ысымы Псков районундагы Ручевская 8 жылдык мектебине коюлган. Ал курман болгондо «Ленинградский партизан» гезити партизан Рудаковдун:

Ченеп болбойт Ашырбайдын эрдигин,
Ал жөнүндө мындай кабар тарады.
Мекен үчүн кыйып күлгүн өмүрүн,
Мекен үчүн залкар ишке жарады... деген ыры жарык көргөн.

Айтылган айрым окуялардан тышкары Ашырбай баатыр жөнүндө, анын өзүнүн жана курдаштарынын эрдиктери менен кенен таанышууну кааласаңыз Ашырбай Коёнкөзовго арналып жазылган П.Соловьевдин «Ашырбай жана анын ленинграддык күжүрмөн достору» («Кыргызстан» басмасы, 1968-жыл) китебин, А.Токомбаевдин «Ашырбай» (Очерк, 1974-жыл) эмгегин, куралдаш жолдошу Т.Шамшиевдин очерктерин, эскерүүлөрүн окусаңыз болот.

Ашырбай «Каармандыгы үчүн» медалын эң алгачкы кармап келген «тили» үчүн алса, акыркы Ата Мекендик согуштун I даражадагы орденин иниси А.Осмонов жогорудагы китептин автору П.Ф.Соловьевге кайрылып, жазып жатып 1966-жылы татыктуу кылган. Баатыр деген наамга ээ болбосо да, элдин дилинде, көңүлүндө, көкүрөгүндө Баатыр бойдон сакталып калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×