Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баракелде, Бишкек 02.05.2019 10:41

Шашылыш билдирүү: 2-3-май күндөрү нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн

Turmush -  2-3-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар, тоо этектеринде катуу жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Бүгүн, 2-май күнү Чүй, Талас өрөөндөрүнүн көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×