Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Озгон 30.04.2019 21:00

Сүрөт — Өзгөндүн жаңы шайланган мэри кызматына киришти

Turmush -  Өзгөн шаарынын жаңы шайланган мэри Муктаржон Халматов расмий түрдө ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынын башкы адиси Сабырбек Калбердиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 29-апрель күнү жаңы мэрди эмгек жамаатка Өзгөн районунун акиминин орун басары Болотбек Дыйканбаев, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Акыбаев тааныштырып, күбөлүгүн тапшырышкан.

Ал эми Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жаңы мэрдин ишине ийгиликтерди каалашты.

Муктаржон Халматов 17-апрель күнү Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланган. Шайлоого Өзгөн шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Мэрдин кызматына Рахман Атаджанов менен Муктаржан Халматов ат салышып, шайлоонун жыйынтыгында Муктаржон Халматов 16 добушка, ал эми Рахман Атаджанов 15 добушка ээ болгон.

Халматов Муктаржон Маматжанович 1966-жылы 18-сентябрда туулган. Жогорку билимдүү. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1992-жылы аяктаган. Буга чейин Өзгөн шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жетектеген. 27 жылдык эмгек стажы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×