Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
29.04.2019 12:36

Айыл турмушу: Таластык уста У.Миңбаев суюктук жана эгин сепкич техника жасады (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылындагы 48 жаштагы уста Улан Миңбаев суюктук жана эгин сепкич техника жасады. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда устачылыкка кызыккан жаштар жок эмес. Алардын жаңы буюм жаратып койгону кубандырат.

«Айылдагы орто мектепти бүткөндөн кийин Хабаровскийде аскердик кызматымды өтөп келдим. Ал жакта айдоочу болуп жүрүп, унаа бузулуп калса өзүм оңдоп, билип алгам. 1991-жылы аскерден келип, совхоздо айдоочу болуп иштедим. 1995-жылы жер бөлүнгөндөн баштап жер менен дыйканчылык кылып баштадым. Жерге техника керек. Техника шаймансыз болбойт экен деп устачылык кылып калдым. Кичинемден техникага аралашып өскөндүктөн колумдан келерине көзүм жетип, Талас районуна караштуу Калба айылынан ар кандай шаймандарды жасайм. 4-классымдан баштап мотоцикл айдап, аны дагы өзүм оңдоп-түздөп алчумун. Айылдын техникаларын убагында мен оңдочумун. Азыр дагы келишет. Күн карама сыккыч жасап, күн карамадан май чыгарып, элге бир топ жыл кызмат кылгам. Азыр эл гектарлап күн карама экпей калгандыктан аны бузуп койдум. Ордуна чарбага керектүү буюм жасаганы турам. Отканага от жаккан печканы алгачкы жолу мен кургам, ошондон тартып азыр баары курдуруп жатышат

Тажрыйбанын натыйжасында ар кандай пландар келе баштайт экен. Аны ишке ашыруу максатында күндүн ысык-суугуна карабай иштей берем. Ар бир иштин өзүнө тиешелүү түйшүгү болот. Темир менен иштөө дагы бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Темирди кыркып, ченелген өлчөмгө салуу оңой эмес. Жаштардан темир устачылыкка кызыккандар жок эмес. Ар нерсе оңдогондор чыгып жатат. Бул жакшы көрүнүш. Аларга дагы тажрыйбамды бөлүшүп үйрөтүп келем. Азыр суюктук сепкич менен дан сепкич жасап бүттүм. Боёп дагы койдум. Керектелүүчү майда каражаттарынан бери Таластын базарынан сатып алам. Буйрутмалар түшүп жатат. Айылда бузулуп калган унаалар, техникалар көп. Ошолордон бир техника жасоону пландап жатам», - деди ал.

Улан уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×