Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусуНарын району 28.04.2019 18:27

Айыл турмушу: 53 жаштагы Н.Имашова айылдаштарына кийим тигип, киреше табууда

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айылынын 53 жаштагы тургуну, кол өнөрчү Назгүл Имашованын тиккен кийимдерин, жасаган эмгектерин сапаттуусуна карап баалап алып кетишет. Кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Назгүл Имашованын айтымында, 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, айылдаштарына улуттук жана азыркы саркеч кийимдин түрүн, жууркан, жер төшөк тигип берип, киреше табуунун жолун өздөштүргөн.

“Өзүм коңшу Алыш айылында төрөлүп, ушул жерде өскөм. Бул жакка келин болуп келгем. Жогорку билим деле алган жокмун. Болгону дүкөнчүнүн окуусун бүтүргөм. Ал кесибим менен 2 жылдай эле иштеп калдым. Үйдө апамдын илгерки кол машинасы бар. Ошону менен кийин кийимдерди, жууркан-төшөктөрдү тигүүгө өттүм. Негизи өзүң сүйгөн ишти аткарсаң ошончолук жакшы, көңүлдүү жасайсың. Айылдаштарым кандай кийимге буюртма берсе, ошону тигип бергенге аракет кылам. Айылда дээрлик көпчүлүгү көйнөктөргө, чыптама, кыргыз чепкенге буюртма берет. Терезе пардалардын дагы бир канча түрүн тигем. Андан сырткары шырдак жасап, шоона жибин ийрип сатам”, - дейт ал.

Айылдаштарынан келин алгандардын көпчүлүгү кол өнөрчүнүн “Жаңы келин” чыптамасын тиктирип, келиндерине кийгизишет.

“Айылдагы ар бир үйдө жок дегенде эле бирден жасаган эмгегим бар го (күлүп). Келин алабыз деп даярданып баштаганда эле, мага келиниме чыптама тигип бер деп келишет. Атайын “Жаңы келин” чыптамасы деп атап койгом. Эми баары болбосо дагы, токсон пайызы тиктиришет деп айта алам", - деди ал.

Андан сырткары кыздарын турмушка узаткандар сепке деп дагы жууркан-төшөк, жаздыкчанын түрүн жасатышат.

“Мектеп окуучулары дагы кочкул кызыл чыптама тиктирип жатышат. Мектеп бөлмөлөрү суук болгондуктан, баары окшош жана жылуу отурушат деп мугалимдер өздөрү сунуштоодо. Бир класска тигип, четинен берип жатам. Буюрса күзүндө дагы тигип баштайбыз”, - деди кол өнөрчү.

Ишкер айым жаңы тигүүчү машина алып, эски үйүнүн бир бөлмөсүн атайын тигүүчү жай кылып алган.

“Мурун илгерки кол машина менен эле тикчүмүн. Азыр болсо жаңы тигүү машиналарын сатып алгам. Эски үйүбүздүн бир бөлмөсүн атайын тигүүчү жай кылып ачып алгам. Кээде жетишпей дагы калам. Алдыда дагы бир-эки машина алып, айылдагы тикмечи келиндер менен иштесем деген оюм бар”, - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×