Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баракелде, Бишкек 26.04.2019 10:26

Шашылыш билдирүү: 28-апрелге чейин жаан жаап, тоолуу аймактарда сел жүрөт

Turmush -  26-27-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-27-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° суук болуп, үшүк жүрүшү ыктымал.

26-апрелден 28-апрелге чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Көчкүлү-Булак тилкеси) жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 75-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×