Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуБакай-Ата району 20.06.2019 20:34 На русском

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Жангелдиеванын гүлдөрүнөн көчөт уурдап кетип өстүргөндөр көп (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 27 жаштагы тургуну Айзат Жангелдиева 2 жылдан бери бөлмө гүлдөрүн өстүрүү менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын кызы. Өстүргөн гүлдөрүн 200 сомдон 1,5 миң сомго чейин баалап сатат.

«Өзүмдүн апам гүлгө абдан жакын. Ал да кызыгып өстүрүп келет. Жеңелерим дагы жакшы гүлдөрдү өстүрүп сатышат. Мен көбүнчө кайын журтумдан көчөттөрүн алып келип отургузам. Бала кезимден бери эле гүлгө кызыкчумун. Кооз гүлдөрдү өстүрүүнү жакшы көрөр элем. 2010-жылы Бакай-Ата районунун Ынтымак айылына келин болуп келдим. Кайын энем жана абысындарымдын дагы үйлөрүндө гүлдөр аябай көп экен. Алар дагы гүлгө жакын адамдар. Айылда күнүмдүк тиричилик бүтпөйт эмеспи. Атайын гүл өстүрүп сатууга убакыт деле болчу эмес. Кийинки 2 жылдан бери көчөттөрүн көбөйтүп сатып келем. Эң башында «голландские фуксия»деген гүлдүн көчөтүн 80 сомдон сатып алып келип отургузгам. Бул гүл гүлүн жакшы ачат жана бат өсөт. Азыркы учурда үйдө бөлмө гүлдүн 30дан ашуун түрлөрү бар. Сатып алуучулар көп. Үйгө келип алып кетишет. Баалары ар кандай, 200 сомдон 1,5 миң сомго чейин бааланат. Көбүнчө гүлүн ачкан гүлдөр өтүмдүү болот.

Гүлдөр музыканы сүйүшөт. Канчалык көп музыка коюлса ошончолук жакшы өсөт. Андан сырткары гүл менен сүйлөшүп туруу дагы керек экен. Менде андай шарт жок болгондуктан музыка деле койбойм. Салкын бөлмөдө эле өстүрөм. Убактысы менен суусун куюп, ооруп калган гүлдөрдү дарылап турам. Гүлдөр негизи тынчтыкты жана тазалыкты сүйөт. Гүл көп болгон жерде кызыгуу дагы көп болот. Мен базарга же төркүнүмө барсам гүл сатып алып келмейинче келбейм. Жаккан гүлдөрдү сөзсүз сатып алам. Менин дагы гүлдөрүмө кызыккандар көп. Көбүнчө менин көзүм жокто ырым кылып, көчөтүн уурдап, сындырып кетип отургузгандар көп болот. «Өзүмдөн сурап алышса деле бермекмин» деп калам (күлүп)», - деди ал.

Ишкер айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×