Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 24.04.2019 09:10 На русском

Сүрөт — Бишкекте чоңойгон модельер Эрика Абдиева айылда мал багып, чабан күйөөсү экөө миллионер болушту

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Ак-Башат айылындагы жубайлар — 51 жаштагы Орозалы уулу Рысалы менен 42 жаштагы Эрика Абдиева айылда 3 багытта иштеп, жылына 1 млн сомго чейин киреше табышат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алардан кабар алды.

Жолдошу: 1997-жылы 60 баш кой менен мал чарба түптөөнү көздөп, ишибизди баштаганбыз. Алгач Бишкекте автобус айдоочусу болуп эмгектенип жүрдүм. Ал жактан жубайым менен таанышып калгам. 2,5 жыл сүйлөшүп жүрүп, мамилебиз келишип баш коштук. Жубайым экөөбүз шаардан келип, сарайды ижарага алып, ошол жерге мал багып баштаганбыз. Кийин ал сарайды сатып алдык. Койдун башын миңге чейин жеткирдик. Албетте мунун баары оңой эле куралып калган жок. Талыкпаган эмгек кылып, пландаган жумушту орто жолдон таштабастан иштедик. Аба ырайынын ысык-суугуна чыдап, малды убагында ветеринарга көрсөтүп, төл алып көбөйттүк.

2005-жылы сарайга карышкыр кирип, 120 баш койду кырып кетти. Канткенде ушундай окуя кайталанбайт деп ойлондук. Малчыларды алып, малдын санын азайтып, асыл тукум мал багууга өттүк. Анын үстүнө ошончо малга тоютту сатып алып же сепкен чөптү техника жалдап чаптыруу дагы түйшүк жаратты. Малга чөп, тоют, жем керек болгондуктан техника алып, жер иштетебиз дедим. Трактор алып иштетип, тоютубуз жакшы боло баштады. Камдаган тоют малга кенен жетип, ал түйшүктөн арылдык. Трактор болгондон кийин ага шаймандары керек болот экен. Аларды топтоп, малдын санынан сапатына өтүп, дыйканчылыкты кошо ала жүрдүм. Ошол убактан бери техникага техника, малга мал кошуп жаңылануудабыз. Азыркы учурда 3 трактор иштеп жатат.

Ортодон 55 уй багып көрдүк. Анын ичинен 25и саан уйлар болчу. Үйдө кармап саачубуз. Саанчы алсак саанчы токтобой койду. Апам менен жубайыма күч келип кетти. Уйларды санын азайтып, жылкы жакшы экен деп, ал жакка өттүк. Жылкылар өздөрү оттоп, аркасынан карабайт экенбиз дедик. Бүгүнкү күндө алардын дагы асылдуулугун көбөйтүп жатабыз. Малдын жугуштуу оорулары болбосо эле пайдалуу иш десем болот. Тынбай эмгек кылуу керек. Азыр эт багытында 300 кой, асыл тукум 10го жакын жылкыларды багам.

Техникалар, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен иштөөдөн түшкөн жылдык киреше 600 миң сомдон 1 млн сомго чейин болот. 3 жумушчу бар. 2 жумушчу такай техника менен, 1 жумушчу мал менен иштейт. Айлыктары 15 миң сомдун тегереги болот. Жубайым менен бирге мээнет кылдык. Бири-бирибизге жөлөк болдук.

Жубайы: Мен Бишкек шаарында төрөлүп, шаарда өскөм. Кесибим боюнча художник-модельермин. Турмушка чыгып, бул кесип менен иштеген жокмун. Айылга келип, баарына көнүп, мал бактык, уй саадык. Жолдошумдун колуна кол болдум. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жолдошум аракетчил, бир ишти баштаса аягына чейин жетет. Кудайга шүгүр, 4 балабыз бар, үчөө студент. Алардын жакшы келечеги үчүн болгон күчүбүздү жумшап келебиз.

Жубайлар чарба иштеринен тышкары жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүп, кайрымдуулук да кылып турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×