Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуЖумгал району 21.04.2019 10:58 На русском

Түркияга иштегени кетип, дайынсыз болуп жаткан Каухар Өткүлбекова табылды

Turmush -  Түркияга иштегени кетип, 4 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Каухар Өткүлбекова табылды. Бул тууралуу анын жакындары аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Стамбул шаарынан мекендештердин жардамы менен табылды. Ал 4 ай мурун телефонун жоготуп алып, ата-энеси менен байланыша албай келген. Учурда анын дареги Стамбулдагы элчиликке маалымдалды.

Буга чейин Каухар Өткүлбекованын апасы Нуржамал Байзакова Түркия мамлекетине иштегени кеткен 25 жаштагы кызы дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген болчу.

Каухар Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында 1994-жылы туулган. 2015-жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарына барып-келип эмгектенип жүргөн. Кесиби боюнча ашпозчу. 2017-жылдын сентябрь айында кайрадан Стамбул шаарына учуп кетип, Багжылар (Bağcılar) районундагы университеттин маңдайындагы кафелердин биринде ашпозчу болуп иштеп жүргөн. 2018-жылдын декабрь айында байланышка чыгып, ата-энесине ооруп жатканын айткан. Ошондон кийин байланыш үзүлүп, дайынсыз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×